Бишкек бийлиги шаарды жашылдандыруу макеттеринин дизайнын коргоп жатат

images.stories.281_500x324

Борбор шаардын бийлигинин өкүлү интертен колдонуучулар тарабынан көптөгөн сынга кабылган шаарды жашылдандыруу боюнча алгачкы үлгүлөрдүн дизайны муниципалдык «Зеленстрой» ишканасынын жалпы жамааты тарабынан иштелип чыккандыгын жана аны чиновниктер жактырышкандыгын билдирди.

Муниципалдык «Зеленстрой» ишканасынын өкүлү макеттерди «жөнөкөй эле фотошоп» деп атаган интернет колдонуучулардын сынына жооп катары ал сүрөттөр өздөрүнө жагып жатканын билдирди.

«Эгер планды биз түзсөк, демек ал бизге жагат. А эгер кимдир бирөөнө жакпаса өз сунушун жөнөтүүгө эмнеге болбосун», — деди «Зеленстройдун» башчысынын орун басары Вероника Тихонова Kloop.kgге берген маегинде.

Тихонова пландын алгачкы үлгүлөрүн жасоого мамлекеттик бюджеттен каражат сарпталбагандыгын билдирди. Айтымында, бардыгы тең «жалаң энтузиазм» менен иштөөнүн жыйынтыгында түзүлгөн.

«Жөн гана бул жакшы, а бул жаман деп — бардыгы эле сындай алышат. Алар сунуштарын беришсе ашыкча болмок эмес», — деди Тихонова шаар мэриясынын сайтындагы жашылдандыруу макеттеринин төмөнкү жагына шылдыңдоо ирээтинде жазылган сындарга жооп берип.

Анын айтымында, Бишкекти 2013-1014-жылдарга карата жашылдандыруу планынын үстүндө «жаңы, мурункудан кооз» кылуу максаты менен «Зеленстройдун» жалпы жамааты иштеген.

«Биз шаарда жаңы, жасалгасы боюнча коозураак бир нерсе кылалы деген чечимге келгенбиз — шаардын кире бериш жерлеринде, эс алуу жайларында. Биз тараптан ал үлгүлөрдүн бардыгын көрүп, ага катышкысы келгендер үчүн жалпыга жеткиликтүү болгондой кылып чыгаруу чечими кабыл алынган», — деди Тихонова Kloop.kgге берген маегинде.

Анын айтымында, пландын бул версиясы биротоло жактырыла элек, «Зеленстрой» борборду жашылдандыруу боюнча жаңы сунуштарды кабыл алууга даяр.

«Жөнөкөй фотошоп»

Бишкек мэриясы планынын алгачкы үлгүлөрүн 2-августта өз сайтына жайгаштырган.

Муниципалдык дизайнерлердин таланты интернет колдонуучулар тарабынан өзгөчө деле таң калуу менен кабыл алынган эмес.

Мэриянын расмий сайтында интернет колдонуучулар ал үлгүлөрдүн авторун сынга алып, анын сүрөттөрүн «жөнөкөй фотошоп» деп аташкан.

«Кыязы, мэрия үчүн уят болуу көнүмүш болуп калган го. Визуализациясы — уят! Концепциясынын өзү — жөнү жок бир нерсе! Сүрөтчүңөр жок болсо архитекторлорго телефон чалгыла, ал жакта чеберлер биринин үстүндө бири отурушат, бирок ата-бабаларды ачуулантпай нормалдуу төлөп бергиле», — деп жазган Василий Голоднов аттуу колдонуучу мэриянын сайтындагы сүрөттөрдүн төмөнкү жагына.

Мэриянын сайтыдагы сүрөттөрдүн бардыгы тең BMP формасында жайгаштырылган, мындан улам андагы гүлдөр «Виндоуз» операциялык системасында орнотулган жөнөкөй гана «Пэйнт» графикалык редакторунда жасалган эмеспи деген шектенүүлөрдү жаратат.

Мэрия сайтына жайгаштырган сүрөттөр (так сайтта жайгаштырылгандай көрсөтүлдү, бирок форматы JPGге өзгөртүлгөн):

Жибек-Жолу жана Лермонтов көчөлөрүнүн кесилиши:

posol-stvo-Ameriki-200x130

images.stories.15_500x353

Ден Сяопин жана Кустанай көчөлөрүнүн кесилиши:

posol-stvo-Ameriki-200x130

images.stories.43_500x353

Ахунбаев жана Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилиши:

images.stories.43_500x353

images.stories.82_500x353

Ата-Түрк сейил багы:

images.stories.43_500x353

images.stories.104_500x353

Эмендүү сейил бак:

images.stories.104_500x353

images.stories.124_500x353

images.stories.134_500x353

images.stories.141_500x353

Чүй проспектиси - Панфилов көчөсүнөн Орозбеков көчөсүнө чейин:

images.stories.141_500x353

images.stories.161_500x353

Жукеев Пудовкин көчөсү - Сүйөркулов көчөсүнөн Токомбаев көчөсүнө чейин:

images.stories.161_500x353

images.stories.182_500x353

Шабдан Баатыр көчөсү - Горький көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин:

images.stories.182_500x353

images.stories.201_500x353

Тынчтык проспектиси — Түштүк магистраль:

images.stories.182_500x353

images.stories.222_500x330

Тынчтык - Манас проспектилери:

images.stories.222_500x330

images.stories.242_500x353

Абдрахманов – Байтик Баатыр көчөлөрү:

images.stories.222_500x330

images.stories.261_500x314

Тоголок Молдо гүлбакчасы:

images.stories.261_500x314

images.stories.281_500x324

Бах жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилиши:

images.stories.281_500x324

images.stories.30_500x334

Автор: Айкерим Молдалиева