«Ата-Журттун» депутаттары бийликти басып алуу беренеси боюнча кайрадан күнөөлүү деп табылышты

images.stories.281_500x324

«Ата-Журт» партиясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдор кайрадан 2012-жылдын октябрында өткөн митинг маалында бийликти басып алууга аракет кылышкан деп табылышты. Ошентип Жогорку сот Бишкек шаардык сотунун чечимин жокко чыгарды, бирок үч депутат тең камакта болуу мөөнөттөрүнүн аяктагандыгына байланыштуу эркиндикте калышат.

Жогорку сот бул иш боюнча эң аз сандагы — эки гана отурум өткөрүп, өз чечимин 6-август күнү кечинде өтө кеч чыгарды.

Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровго карата 1 жыл 5 ай эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылды — бул мөөнөт март айында Биринчи май райондук соту тарабынан берилген мөөнөттөн бир айга аз.

Талант Мамытовго болсо Биринчи май райондук сотунун өкүмүндөй эле 1 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыкты.

Бирок ошентсе да үч депутат тең камакка алынбай эркиндикте калышат, анткени алар кармалган 2012-жылдын октябрынан баштап эркиндикке чыккан 2013-жылдын июнуна чейин берилген мөөнөттөрүн отуруп коюшкан.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында отургандыктары эске алынып, алардын ар бир күнү эки күн катары эсептелинди.

Жогорку сот өз чечими менен Бишкек шаардык сотунун 17-июлда чыгарган актоо өкүмүн жокко чыгарды.

Үч депутат тең 2012-жылдын октябрында «Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу маселеси боюнча өткөн митинг маалында бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылышкан деп табылышты.

Алар өздөрү өкүмдү саясий өкүм деп билдиришүүдө, жактоочулары болсо өкүм оппозициянын негизги үч ишмерин депутаттык мандаттарынан ажыратуу үчүн чыгарылган деп эсептеп жатышат.

«Биз муну аларды депутаттык мандаттарынан ажыратуу максатында жасалган деп болжолдоп жатабыз. Мындай чечимди бийлик ушул максат менен гана түрттү», — деген «К-Ньюс» маалымат агенттигине берген маегинде депутаттардын жактоочусу Искендер Журабаев.

Депутаттар процесстин жүрүшүндө бир катар мыйзамдар бузулган деп эсептешип, доо арыз менен Конституциялык палатага кайрылууга даярданып жатышат.

«Ата-журтчулар» тарабына айтылган сынга азырынча бийлик эч кандай реакция жасай элек.

Автор: Бектур Искендер