Бишкек: Ботаникалык бакчадагы кыйылган бактардын ордуна жаңылары отургузулат

Бишкектеги ири ботаникалык бакчада 350дөн ашык бак кыйылган. Бакчанын директору кургап бараткан жана оорулуу сөңгөктөр кыйылганын билдирип, алардын ордуна жаңылары отургузула тургандыгын айтып убада берип жатат.

Бишкектин түштүк бөлүгүндөгү ботаникалык бакчанын директору Турат Мусуралиев Kloop.kgнин журналисттерине бакчадагы бактар «сөңгөк зыянкечтеринен» улам кыйылганын ырастады.

«Биз ал чириген, оорулуу бактардын башка жактарга таралышына жол бербешибиз керек болчу», — деди ал.

Мусуралиев интернетке, анын ичинде Kloop.kgнин сайтына жарыяланган сүрөттөргө комментирий берип жатып оорунун таза сөңгөктөргө жугушуна жол бербөө үчүн кыйылган бактардын бутактары дароо мүшөктөргө салынганын айтты.

«Кыйылган бактардын сүрөттөрүн жарыялап жаткандар анын маанисин түшүнүшпөй эле. Биз курт-кумурскалар менен ооруган бактын бутактарын Бишкектеги башка бактарга жукпасын деп мүшөктөргө салып жатабыз», — деп түшүндүрдү ал журналисттер менен болгон маегинде.

Бишкектин түштүгүндөгү кичи район жашоочулары сейилдөөнү жакшы көргөн Ботаникалык бакчадагы бактардын кыйылышы социалдык түйүндөрдө бир топ сындарды жараткан.

Бактарды кыюуу иштери 14-октябрда башталган, бирок андан бир нече күн өткөндүгүнө карабастан бакчанын администрациясынын да, шаар бийлигинин да окуя боюнча эч кандай так түшүндүрмө бербегендигинен улам кырдаал ырбап кеткен.

Алгачкы жолу Kloop.kgнин редакциясы Мусуралиев менен 16-октябрда байланышкан, бирок анда ал маектешүүдөн баш тартып, 19-октябрда түшүндүрмө берээрин билдирген.

Бул мезгилдин аралыгында интернет колдонуучулар ботаникалык бакчадагы бактардын кыйылып жаткандыгы боюнча көптөгөн терс пикирлерин айтышып, сындарды жаадырышкан.

Алар ошондой эле ботаникалык бакчанын дирекциясын кыйылган бактардын бутактарын отун катары сатып жатышы мүмкүн деп шек санашкан.

«Алар көз көрүнөө жалган айтып жатышат, сүрөттөрдө сатууга даярдалып, мүшөктөргө салынган отундар көрүнүп турбайбы. Алар бактарды сатуу үчүн эле кыйып жатышат. [...] Кыйылган бактардын ордуна жаңылары отуругузулганы кана? Көчөттөрү кана?» — деп нааразы болгон популярдуу «Дизель» форумунун stardust аттуу колдонуучусу.

Мусуралиев бул айтылган сынга жооп катары бактардын бутактары чындыгында эле отун катары жагылаарын, бирок алар ботаникалык бакчанын администрациясынын имратын жылыта тургандыгын билдирди.

Ал ошондой кыйылган бактардын ордуна жаңылары, алардын ичинде Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген бактар да отургузулаарын айтып убада берди. Көчөттөрдү отургузуу иштери 2014-жылдын жазында башталат.

Авторлор: Тилек Бейшеналиев жана Кубан Макешов