Спорт залдар эркектер үчүн элеби?

Ош шаарында 30га жакын спорт клуб бар. Алардын 60-70%ында кыздар катышат. Бирок эркектерге салыштырганда, машыккандардын 5%ын гана кыздар түзөт. Кээ бир машыктыруучулар спорт  кыздар үчүн кооптуу экендигин айтат.   

Жыйырма жаштагы Аскар Беделов 9 жылдан бери спорттун 5-6 түрүнө катышып келет. Ал күжүрмөн самбо боюнча 3 жолку, ал эми эрежесиз күрөш боюнча Кыргызстандын чемпиону болгон.  Анын айтымынча, Оштогу спорт залдарында машыккандардын көпчүлүгүн эркек балдар түзөт. Кыздар жокко эсе.

Аскар Беделов
Аскар Беделов

“Негизи, биздин «Эрбол» спорт клубунда бир да кыз машыкпайт. Көбүнчө эркек балдар болгондуктан, кыздарды ата-энелери жөнөтпөйт. Бизде кыздар машыгуу үчүн шарттар түзүлгөн, бирок кызыгуучулар аз. Кыздар өздөрүнүн денесин бузуп алууну каалашпайт’’, - дейт Аскар.

Анын айтымында, кыздар көбүнчө дзюдо жана самбого катышат. Спорттун бул түрү менен машыкканда, алардын денеси эркектикиндей чымыр, мүнөзү корс болуп калышат. Андайлар менен мамиле түзүү да өтө кыйын болуп калат.

Машыккандардын 95%ы эркек балдар
Машыккандардын 95%ы эркек балдар

«Негизи, мен кыздар спортко катышуусун колдобойм. Анткени, кыздарга назик бойдон эле жүргөн жакшы. Эркектерге окшошуп калуу кыздарга такыр жарашпайт. Албетте, спорттун баары деле андай кылбайт. Бирок, кыздар спорттун кээ бир түрлөрүнө катышуусуна каршы элем», - дейт Аскар Беделов.

Спорт менен машыккан кыздар да жок эмес. Алардын бири 17 жаштагы Наргиза Жакыпбек кызы. Ал спорттун каратэ түрү менен 3 айдан бери машыгып келет.

«Окуум кеч бүткөндүктөн караңгыда эшикте көп жүрүп калам. Ар кандай нерсе болушу мүмкүн. Кыз бала үчүн кеч көчөдө жүрүү кооптуу эмеспи. Ошондуктан, өзүмдү-өзүм коргоо үчүн каратэге барам», - дейт ал.

Наргизанын үй-бүлөсүндө «эмне кыласың аны?», «барбай эле кой» дегендер да болгон.

Бирок ал мындай каршылыктарга карабай катышып келет. Анткени, кечинде көчөдө жүргөндө өзүнө ишенип, сак жүрөт.

«Канчалык спорт менен көп катышкан сайын, дене ошого жараша чоң, катуу болуп кетет эмеспи. Албетте кыздар аны каалабай катышпайт. Ар бир эле кыз балдардын жанында назик, алардан кичине болуп жүргүсү келет. Бирок менин дайыма жанымда жүргөн сакчым жок болгондуктан коргонуу үчүн катышууга туура келет», - деп айтат Наргиза.

Иман Эльбеков
Иман Эльбеков

Оштогу “Сымбат” ишканасынын имаратында спорт клубу жайгашкан. Машыктыруучу Иман Эльбековдун айтымында, адамдар ар кандай: кыздардын күчтүүлөрү,  балдардын күчсүздөрү да болот. Бирок кыздар үчүн спорт кооптуураак. Кыздар назик келет. Ал эми эркек балдар машыгып, денесинин чымыр болушун каалашат.

“Негизинен, кыздардын денеси спортко көнгөн эмес. Биздин спорт клубда 220дай адам бар. Алардын 99%ы балдар, ал эми кыздар болсо 1%ды гана түзүшөт. Кыздар биринчи клубка келгенде, спорт алар үчүн кооптуу болуп калышы мүмкүн экенин да түшүндүрүп беребиз”, - дейт Иман.

Ал кичине кезинен эле спорт дүйнөсүнө кирген. Бирок спорт менен машыккан кыздырды сейрек кездештирет. Имандын айтымынча, турмушка чыга элек кыздар үчүн спортттун кээ бир түрлөрү коркунуч туудурат. Анткени машыгууларды кылып жатканда кыздык белгисин түшүрүп алышы мүмкүн.

“Биздин спорт залга кыздар келишсе, алардан турмушка чыккан, чыкпагандыгы жөнүндө сурайбыз. Эгерде чыга элек болсо, кыздык белгиси бар-жок экенин да сурап аныктайбыз. Жок дегендерге спорттун түрлөрүн сунуш кылабыз. Жана кооптуу жактарын айтып беребиз”, - деди Иман Эльбеков.

Ал эми Мады айыл өкмөтүндөгү “Эрбол” спорт клубунун тренери Тургунбек Жумаевдин ою башка. Анын пикиринде, Ош шаарында 30га жакын спорт зал бар. Анын ичинен 5%ын гана кыздар түзөт. Кыздар үчүн тийиштүү шарттар да түзүлүшү керектигин белгилейт.

Тургунбек Жумаев
Тургунбек Жумаев

“Спорттун адам үчүн эч кандай зыяны жок. Ал адамды күчтүүрөөк, тезирээк, бийигирээк кылат эмеспи. Бирок кыздарда көбүнчө кызыгуу жок болот. Аларга жакшы шарт да түзүлүп берилген эмес. Башка мамлекеттерде кыздар эркек балдар менен тең болуп катышат. Бир жылы олимпиадада кыздар 320 килого чейин оордук көтөрүшкөн”, - дейт Тургунбек.

«Эрбол» спорт клубу атайын кыздар үчүн шарт түзүп, мектептерге, коомдук жайларга кулактандырууларды илип да коюшкан. Бирок, ага кызыгып келгендер өтө аз болгон. Спорт залга балдар кечки саат 19.00да келсе, ага чейин кыздар үчүн ыңгайлашкан. Бирок, зал бош туруп, кызыгып келген кыздар болгон эмес.

“Кыздардын денеси балдардыкына караганда чыдамдуураак болот деп ойлойм. Спортчуларды машыктырып жатканда балдарга катуу айтсаң болот. Ал эми кыздарга катуу айта албайсың. Алар менен мамиле түзүүнү да билүү керек. Эгер аларга жакпай калса, кызыкпай таштап да коюшат. Албетте, спорт кыздар үчүн эмес деген сайын кызыгуулар да азаят. Антпей, кайрадан аларды алга тартуу керек.  Бизде негизинен атаандашуу деген жок. Эгер андай болгондо өнүгүү да болмок”, - деди машыктыруучу Тургунбек.

Суроо-сопкут жүргүзгөндө 10 кыздын 1өө гана спортко кызыгып, катышаарын айтты. Ал эми калганы “кызыкпайм”, “шарт жок”, “үйдөгүлөр жөнөтпөйт”, кээ бирөөсү “биз үчүн эмес” деген жоопторду айтты.

Ош шаарында 30га жакын спорт клуб бар. Алардын 60-70%ында кыздар катышат. Эркектерге салыштырганда, машыккандардын 5%ын гана кыздар түзөт.

Автор: Назгүл Мадазимова

Сүрөттөр автордуку

Редактор: Гүлзат Газиева