Кыргызстан кыйноолор боюнча БУУга отчет берет

12-13-ноябрь күндөрү БУУнун кыйноолорго каршы комитети Кыргызстандын өлкөдөгү кыйноолор боюнча докладын угат. Отчетту башкы прокурордун орун басары Уланбек Халдаяров берет.

Буга байланыштуу вице-премьер Токон Мамытов өкмөттүн жана отчетко даярдануу боюнча өкмөттүк делегациянын мүчөлөрүнүн катышуусунда кеңешме өткөрдү.

Делегация курамына Ички иштер министлигинин, Жогорку соттун жана Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү киришти.

Бийлик кыйноолор менен күрөшүп жаткандыгы тууралуу билдиргени менен укук коргоочулар укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан зордук-зомбулук көрсөтүүлөр болуп жаткандыгы тууралуу көп эле жолу айтып келишет.

Алар тараптан айтылган кыйноолордун эң белгилүүсү укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши болуп саналат – ал 2010-жылдын июнунда, өлкөнүн түштүгүндөгү улуттар аралык кагылыш маалында милиция кызматкерин өлтүргөн деген күнөө менен өмүр бою эркинен ажыратылган.

Аскаров — укук коргоо органдарындагы кыйноолор менен күрөшкөн Жалал-Абад облусунан чыккан этникалык өзбек.

Анын жактоочулары бир нече жолу алар жактоого алган укук коргоочуга карата кыйноолор болгондугун билдиришкен — жакында эле «Бир Дүйнө — Кыргызстан» укук коргоо кыймылынын башчысы Төлөйкан Исмаилова Аскаровго карата жасалган зомбулуктар боюнча БУУга даттана тургандыгын айткан болчу.

Анын айтымында, жалал-абаддык укук коргоочуга карата чыгарылган өкүм Кыргызстандын бийлигинин өлкөдөгү улуттук азчылыктардын ишине жасаган мамилеси кандай экендигинин көрсөткүчү болуп саналат.

Автор: Эльдияр Арыкбаев