Лөлү тектүүлөр да жогорку билим алууда

Ош    областынын   Жаңы-Кыштак   айылында   жашаган   лѳлү   тектүүлѳрдун   мектебинде   500дѳн   ашуун   окуучу   билим   алат. Сабактар   кыргыз   жана   ѳзбек   тилинде   окутулат. Айыл тургундарынын арасында мектепке барбагандар да бар. Ал эми айрым идиректүүлөр бүтүп, жогорку  окуу   жайларда   билим алууда.

Жаңы-Кыштак айылынын тургуну Юлдуз   Шергазиева  он сегиз жашка чыкса да, мектеп босогосун аттаган эмес.  Ал үй  бүлоолүк   абалына    байланыштуу  мектепке барбай калган. Анткен  менен тамганы   үйрѳнүп алган.

«Ата-энем   жок   чон-энемдин    колунда    чонойгом,  ошол   үчүн   окуган   эмесмин.Кыргыз, озбек   тилинде   окуганды    билем    бирок    жазганды   билбейм.  Мага   окшоп   окубай   калган    кыздар   кѳп.  Мен   да   билим   алып   маалымат   алып   жашагым    келет»,- дейт Юлдуз.

Жаңы-Кыштак айылында  лѳлү  калкынын  саны 4  миңден  ашуун, 600 кожолук  бар
Жаңы-Кыштак айылында лѳлү калкынын саны 4 миңден ашуун, 600 кожолук бар

Ошол эле айыл   тургуну    Махпуза    Калдарова балдарынан кѳптү күтѳт. Анын балдары   учурда    мектепте   билим    алышууда. Махпузанын айтымында, азыркы учурда билим албаса, келечегине кыйын болот.

«Балам    мектепте  6-класста    окуйт . Чонойгондо   баламдын   юрист    болушун   каалайм. Биздин мектептин    абалы   жакшы,  окуу   куралдары   жетиштуу,    айрым    окуучулар     мектепти    бүтүп   жогорку   окуу    жайларына   тапшырысша ,   кѳпчүлүгү   ар   түрдүү   жумуштарда    иштеп    үй   бүлѳ   багышат»-дейт    Махпуза.

Ош     областынын    Кара-Суу    районуна    караштуу    Нариман    айылдык    округунда     жайгашкан  Мирзо    Турсинзода   атындагы   мектептин негизделгенине 40 жылдан ашты. Алгач тѳрт  бѳлмѳлүү   башталгыч   класс болгон. Учурда 9- класска  чейин   окутат,    500дѳн  ашык  окуучу  билим  алат.  Окуу    бѳлүмүнүн    башчысы    Ишен    Алтын  уулу  бул мектепти  аяктаган айрым окуучулар жогорку жана орто билим алып жатышат.

Ишен    Алтын  уулу
Ишен Алтын уулу

«Кыргыз,   озбек   улутундагы    жана    жергиликтуу      тургундардан        чыккан    мугалимдер     сабак  берет.  Окуучуларды  эки    кезмет   менен   окутабыз. Окуучуларыбыз  жеӊил  атлетика   жана  тогуз   коргоол   боюнча   окуучуларыбыз     сынактарда  байгелүү  орундарга   ээ   болушкан. Ѳткѳн  жылы   үч   окуучубуз   жогорку  окуу   жайына   тапшырышкан ,  быйыл   бир    окуучубуз   ОГПИ  де   окуп   жатат»-дейт  Ишен.

Башталгыч  класстар жана   тарых  мугалими    Тѳлѳн   Кадыров мугалимдер жетиштүү экендигин айтат. ЖОЖдун студенттери да  сабак берип иштешерин белгиледи.

 Тѳлѳн   Кадыров
Тѳлѳн Кадыров

«Биздин   эл   бул   жерлерге    1950- жылдары    келип   отурукташкан.  Мугалимдер    жогорку   билимдүү, ѳзбек жана кыргыз  улутундагылар. Окуучулардын   сабакка   катышуусу   жакшы»,-дейт   Тѳлѳн Кадыров.

Мектепте   сабактар   кыргыз   жана   ѳзбек   тилинде   окутулат  7-класска   чейин   кыргыз   тилинде, 7-9-  класстарда  ѳзбек  адабияты   кошулуп   окутулат.  Жетим   жарым  жетим   окуучуларга     айыл   ѳкмѳтү   тарабынан   жыл  сайын   жардам   көрсөтүлөт.

Ѳткѳн окуу жылында окуучулардын   саны   460  болсо   быйыл   540тан ашкан.  Жаңы-Кыштак айылында  лѳлү  калкынын  саны 4  миңден  ашуун, 600 кожолук  бар.

Автор: Үмүт  Жума  кызы

Сүрѳттѳр   автордуку

Редактор:Гүлзат  Газиева