Паспортсуз жашаган жарандар

Ош  областынын  Жаңы-Кыштак  айылындагы  лѳлү  тектүүлѳрдүн  30%ынын жарандыгын   тастыктаган   паспорту    жок.  Кѳптѳрү  үй  бүлѳлүк  абалынын  оордугунан   ала   алышпаганын айтат. Паспорт алууга бейѳкмѳт уюмдар кѳмѳктѳшүүдѳ.

Айыл    тургуну    Матлюба   Холматова    да   үй   бүлѳлүк   абалынын   оордугунан    паспорт    ала    албай    жүргѳнүн   белгиледи.

Матлюба  Холматова
Матлюба Холматова

«Ѳзүмдѳ  да    куйѳмдѳ   да   паспорт   жок,  акчадан   кыйналам,   ошол   үчүн   ала    албайбыз.  Балдарымда   да    жок.  Бир   гана   кайнагамда    бар, анын   үй  бүлѳ  мүчѳлѳрүндѳ  да   жок»,- деди  Матлюба  Холматова.

Ал  эми ошол эле айылдын   тургуну  Кориохон  Ризебаева  паспорттун    жоктугуна   байланыштуу   баласын   окута   албаганын    жана   паспорт   алууга   анын   каражаты    жетпесин    айтты.

Кориохон  Ризебаева
Кориохон Ризебаева

«Бир   эле   токсон  жаштагы  апамда   бар,  жакында    атам   ѳтүп   кетти,  күйѳм   жок,  сегиз   жаштагы    бир   балам    бар. Паспортум    жок   баламды   мектепке    алышпады. Турмушубуз   оор, жумушум   жок, апамды  менден  башка  караган  эч  ким  жок. Ѳзүм   да    окуган   эмесмин.  Кимден   жардам   сурашты   да   билбейм»,-дейт  Кориохон   Ризебаева.

Алардын  паспортсуз  жашап  жаткандыгына  бир  гана  акчанын  тартыштыгы  эмес, ата-энесинде  паспорттун  болбогондугу   жана  баласын  үйдѳ  тѳрѳгѳндүгү  себеп  болсо,    айрымдары   кыргыз-ѳзбек  коогалаңында  жоготкон.

Айыл   тургуну   Махпуза   Калдарова   паспортун     озбек-кыргыз   кагылышуусунда    жоготкон, кайрадан  алуу үчүн   тийиштүү  мамлекеттик мекемеге    кайрылган ,  акча    жоктугуна   байланыштуу        ала   алган   эмес.

«Ѳзбек-кыргыз  урушунда   паспортумду   жоготуп  алгам.Кайрадан   утурлатканга  аракет  кылдым. Бирок  тѳрт  миң  сомдон    кѳп  акча  кетет  экен, ала  албадым.Үй  бүлѳмдү  араӊ  багам, паспорт  алганы  акчам  жок»,-дейт Махпуза  Калдарова.

Бирок   бала-чака      окутуп    ѳздѳрү   мамлекеттик   иштерде   иштеп   жаткан жарандар    да   бар.  Тѳлѳн   Кадыров      бир   дипломдун   ээси. Ал кайрадан дагы жогорку окуу жайдан билим алып жатат. Учурда   Ош   Мамлекеттик   Социалдык   университетинин    тарых   бѳлүмүнүн   тѳртүнчү   курсунун   студенти.  Окуусун   бүтүрүп,   илим   жактаарын   айтат.

Тѳлѳн   Кадыров
Тѳлѳн Кадыров

«Биздин   айылдын   кѳпчүлүк   жашоочуларында    паспорт    жок. Менин   үй   бүлѳмдѳ   дээрлик   баарыбызда   бар.  Ѳзүм    мектепте   мугалим    болуп    иштейм,  балдарымды   да    шаардагы   мектептерде   окутам» -дейт  Тѳлѳн  Кадыров.

Бул  маселенин  алдын  алуу  үчүн  БУУнун  Качкындар  комиссариаты    бир  катар  бейѳкмѳт  уюмдар  менен  биргеликте  тийиштүү  иш  аракеттерди  жасоодо. Ѳткѳн  жылы  330 жаран  бекер  юридикалык  жардам  алган. 106 киши  ѳздүгүн  тастыктаган  паспортко  ээ  болушкан. 27  кишинин  советтик  үлгүдѳгү  эски  паспорту  Кыргызстандын  паспортуна  алмаштырылып, 34  бала  туулгандыгы  тууралуу  күбѳлүккѳ  ээ  болгон.

 Автор:Үмүт  Жума  кызы

Сүрөттөр автор жана редактордуку

Редактор:Гүлзат  Газиева