Жалган маалымат таратуу үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу «Конституцияга каршы келет»

«Медиа Полис институту» социал-демократ депутат Галина Скрипкинанын жалган маалымат таратуу үчүн жазаны катаалдатуу жөнүндөгү мыйзам долбооруна каршы чыкты.

Укук коргоочулар мыйзам долбоору «инсандын ар-намысын кордогон же каралаган маалыматты тараткандыгы үчүн эч ким кылмыш жоопкерчилигине тартылбашы керектиги» жөнүндө айтылган Кыргызстандын Конституциясынын 33-беренесине каршы келет деп эсептешет .

«Медиа Полис институту» депутат Скрипкинанын идеясын 2010-жылкы жаңы Конституция кабыл алынганга чейин иштеп келген ушак айтуу үчүн жазага тартуу учуруна кайтып баруу менен салыштырып жатат.

«Чынында ал («Ушак айтуу» беренеси) жабырлануучу тараптын арызы жок эле укук коргоо органдарынын журналисттерге каршы кылмыш ишин козгоосуна мүмкүндүк берген», — деп жазылган укук коргоочулардын кайрылуусунда.

Мыйзам долбоорунун негиздеме маалымкатында мамлекеттик органдардын жалган маалыматтарды текшерүүсүнө убакыт коротпоо максатында андай маалымат тараткандыгы үчүн жаза колдонуу киргизилиши керектиги жазылган.

«Жалган маалымат таратуу боюнча көп эле жолу кылмыш иштери козголуп, көп эмгекти жана акчаны талап кыла турган жарандарга карата процессуалдык кыстоо чаралары, сурактар колдонулган тергөө иштери жүргүзүлүп турат», — деп жазылган документте.

Автор: Нурмухаммед  Атамбаев