«Бишкек Парктын» башкы директору жумуштан кеткен кызматкерин ири доого жыгаарын айтып коркутууда

«Бишкек Парк» соода борборунун жетекчилиги мурунку кызматкерин эгер ал маалымат каражаттары аркылуу аны кызматтан мыйзамсыз кетиргендиктери жөнүндө билдирүүлөрүн токтотпосо 200 миң долларга доого жыга тургандыгын айтып коркутууда — бул тууралуу «Калыс» кыймылынын мүчөлөрү билдиришти.

6-ноябрда «Бишкек Парк» соода борборунун мурунку кызматкери Айзада Ашимбаева соода жайынын башкы директорунун орун басары Хусаметтин Ыйылмазов эгер ал кызматтан «мыйзамсыз» алынгандыгына жетекчиликти айыптоосун токтотпосо сотко берип, доого жыга тургандыгын айтып, «коркутуп» жатканын билдирди.

Анын версиясы боюнча, Ыйылмазов алгач Ашимбаеванын айткандарын төгүнгө чыгаруусу үчүн ага 1000 АКШ долларын сунуштаган. Бирок ал акча алуудан баш тарткандан кийин Ыйылмазов аны сотко берип, 200 миң долларга жоого чыга турганын айтып коркутуп баштаган.

«Биздин жактоочу сен үчүн кагаздарды чогултуп жатат. Сени сотко беребиз, ошондо сени 200 миң доллар төлөп берүүгө милдеттендиришет», — деди соода борбордун мурунку кызматкери Ыйылмазовдун айткандарын кайталап.

Ашимбаева Ыйылмазов менен болгон маегин жаздырып алууга жетишкен — аудиомаекти ал 6-ноябрдагы журналисттер менен болгон жолугушуусунда таратып берди.

Азырынча Kloop.kgнин кабарчылары ал маектин жасалма эместигин текшере алышкан жок.

Соода борбордун мурунку кызматкеринин кызыкчылыгын коргоп жаткан «Калыс» кыймылынын активисттеринин айтымдарында, маектешүү маалында Ашимбаевага карата «психологиялык» басым жасалган.

«Бишкек Парктын» өкүлү Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде бул талаш-тартыштын чоо жайы менен таанышып чыгуу керектигин айтып, комментарий берүүдөн баш тартты.

Бирок ал соода борборунун жетекчилиги Ашимбаеванын кызматтан кеткендиги боюнча кийинки аптада билдирүүгө даяр экенин кошумчалады.

Автор: Дарина Манасбекова