Иликтөө: Камактагы оорулуулар мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна чейин эле өлүп калып жатышат

Акыркы үч жылдын ичинде Кыргызстандын абактарында оорудан улам 185 киши каза болгон. Болгону үч гана киши ден соолугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгарылган. Калган оорулуулар бюрократтык тоскоолдуктарга жана пара талап кылууларга даттанып жатышат.

Камчыбек Жанабилов дээрлик үч жылдан бери камакта. 2011-жылдын июль айынын башында ал адам өлтүргөндүгү үчүн 13 жылга эркинен ажыратылган.

Ал тубаса жүрөк оорулуу. Абактагы шарттардан улам анын саламаттыгы начарлап, 2013-жылдын апрелинде №47 абактын алдындагы ооруканага которулган. Ал эки жүрөк клапанынын алмаштырылышына муктаж.

Үстүбүздөгү жылдын күзүндө медициналык комиссия аны шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууга көрсөткөн — Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, эгер камактагы адам катуу оорууса аны мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгарууга болот.

Бирок дарыгерлердин тиешелүү жабдуулардын жоктугунан жүрөк клапандарын 47-абакта алмаштырууга мүмкүн эместиги жөнүндө чыгарган корутундусуна карабастан эки соттук инстанция Жанабиловду мөөнөтүнөн мурда чыгаруудан баш тартышкан.

«Абактын дарыгерлери Улуттук кардиологиялык борбордун адистерине кайрылышкан. Алар аны текшерүүдөн өткөрүшүп, консилиум чогултушуп, сунуштамасында ага тез аранын ичинде операция жасалышы керектигин жазышкан», — деди Камактагылардын укуктарын коргоо боюнча комитеттин башчысы Динара Муканбаева Kloop.kgге берген маегинде.

Өз кезегинде соттор баш тарткандыктарынын жүйөсү катары Жанабиловдун «жаза мөөнөтүнүн бир аз гана бөлүгүн» — болгону үч гана жылын — өтөгөндүгүн жана ал иши боюнча келтирилген материалдык чыгымдарды төлөй электигин билдиришкен.

«Биз акырындап өлүп баратабыз»

Динара Муканбаева сот камактагы адамды мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө чечим чыгарууда анын кылмышынын оордугун эске албашы керек деп эсептейт.

«Анын кайсыл беренелер боюнча соттолгондугу соттук процесске таасирин тийгизбеши керек. Ал камактагы адам өлүм алдында, эгер аны ооруканага жаткыруу менен квалификациялуу медициналык жардам көрсөтпөсө өлүп калышы мүмкүн», — деди ал.

Учурда Жанабиловдун абалы оор деп бааланууда. Операциясыз ал өлүп калышы мүмкүн.

«Жакында эле Жанабиловдун жүрөгү аз жерден токтоп кала жаздады. Азыр ал тамак иче албайт, таптакыр табити жок. Ал катуу жөтөлүп, цианоз менен ооруп жатат. Ал араң басып жүрөт», — деп билдирди Муканбаева.

Жанабиловдун өзү Kloop.kgге берген маегинде абактын алдындагы ооруканада аларды начар карап жаткандыктарын айтып даттанды.

«Дарыгерлер бизди карашпайт, дары беришпейт. Мына сегиз айдан бери жатам — эч кандай натыйжа жок [...] биз акырындап өлүп баратабыз», — дейт Жанабилов.

Оорулардын тизмеси

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын маалыматы боюнча, орточо эсеп менен Кыргызстандын абактарында жыл сайын түрдүү оорулардан улам 80-90дун айланасындагы адам каза болот.

Мекеменин билдиргени боюнча, 2011-жылдын башынан бери жаза өтөө жайларында дээрлик 200 камактагы адам каза болгон, алардын 185и оорулардан улам көз жумушкан.

Бирок мөөнөтүнөн мурда бошотууга 11 гана киши көрсөтүлгөн, а жыйынтыгында эркиндикке алардын үчөө эле чыккан.

Жаза аткаруу кызматы мындай көрсөткүчтү камактагылар каза болуп жаткан оорулардын бардыгы эле аларды мөөнөтүнөн мурда чыгарууга мүмкүндүк бере бербестиги менен түшүндүрүүдө — ал үчүн камактагы адам ооруп жаткан оору өкмөттүн №745 токтомундагы оорулардын тизмесинде болушу керек.

IslBG

«Биздеги камактагылар каза болуп жаткан оорулардын көбү ал тизмеге кирбеген оорулар», — деп түшүндүрдү Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Ольга Степкичева.

Ал тизмеде оорунун 79 түрү бар, алардын арасына кургак учуктун оор формасы, кооптуу психикалык жиндааруу жана коркунучтуу рак шишиктери сыяктуу оорулар киргизилген.

Диагноз үчүн пара талап кылуу

Бирок расмий тизмеде орун алган оору менен ооруган күндө да мөөнөтүнөн мурда бошотууга билдирме берүү оңойго турбайт.

Ал үчүн медициналык комиссиядан текшерүүдөн өтүшүң керек, анын жыйынтыгы боюнча түзөтүү абагынын башчысы мөөнөтүнөн мурда бошотуу өтүнүчү менен документтерди сотко жөнөтө алат.

Бирок бул жол-жобо негизинен эки айдан үч айга чейинки убакытка созулат. Бул аралыкта камактагылардын бир тобу мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндөгү ишинин сотто каралышына жетпей эле каза болуп калышат.

№3 эркектердин түзөтүү абагы. Сүрөттүн автору: Эрик Гурлан.
№3 эркектердин түзөтүү абагы. Сүрөттүн автору: Эрик Гурлан.

Акыркы үч жылдын ичинде мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгарууга көрсөтүлгөн 11 кишинин төртөө сот башталганга чейин эле каза болуп калышкан.

Медициналык комиссиядан өтүү да оңой эмес. Камактагылар ал үчүн көбүнчө пара берип, андан кийин иштин алардын пайдасына чечилиши үчүн сотко да акча берүү керектигин айтып даттанып жатышат.

«Тилекке каршы, камактагылардын көбү соттордогу коррупцияга даттанып жатышат, өзгөчө 47-абак орун алган Бишкектин Ленин райондук сотуна даттануулар көп болот, — дейт Камактагылардын укуктарын коргоо боюнча комитеттин башчысы Динара Муканбаева. — Жатак абакка которулуу үчүн же мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгуу үчүн 1,5 миң доллар талап кылынат экен», — деди ал камактагылардын айткандарына таянып.

Камактагылардын айтымдарында, андан сырткары  түзөтүү абактарынын жетекчилиги да медкомиссиянын чакырылышын тездетүү үчүн, ошондой эле анын мөөнөтүнөн мурда чыгуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу үчүн оорураак диагноз койдурууга да акча талап кылышы мүмкүн.

Эң башкы көйгөй мөөнөтүнөн мурда бошотуу жол-жоболорундагы коррупцияга даттанган камактагылардын бири дагы ал тууралуу ачык билдирип, арыз жазууга даяр эместигинде.

«Алар ал акчаларды талап кылгандардын аты-жөндөрүн айтуудан коркушат. Дарыгерлерби же абактын кызматкерлериби айтышпайт», — дейт Камактагылардын укуктарын коргоо боюнча комитеттин башчысы.

Камактагылар да, алардын туугандары да акча талап кылгандардын аты-жөндөрүн айткандан кийинки анын кесепеттеринен коркушат.

Мумиядай болуп...

Kloop.kgнин кабарчысы камакта катуу ооруп жаткан бир нече адам менен маектешти — алардын бардыгы тең коррупция жөнүндө айтып, бирок бири дагы макалада алардын аты-жөндөрүнүн көрсөтүлүшүнө макул болушкан жок.

«Алар биздин ооруларыбызга карашпайт, жөн гана акча сурашат, а биз болсо күн сайын акырындап өлүп барабыз. Мимуядай соолуп жатабыз», — дейт 47-абакта камакта жаткандардын бири.

Абактын алдындагы ооруканада жаткан дагы бир камактагы адам райондук соттун мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгаруу жөнүндөгү чечими үчүн эки миң доллар төлөө керектигин айтат.

«Биз медициналык комиссиядан текшерилип сотко бардык — баары мыйзам чегинде. Сотко келсек бизден акча сурады. Эки миң доллар берсеңер бошотобуз дешти. Бул райондук сотто болгон», — деп эскерет ал.

IslBG

Ал талап кылынган акчаны бере албай калган, жыйынтыгында сот аны мөөнөтүнөн мурда чыгаруудан баш тартып койгон. Анан жактоочусу райондук соттун ал өкүмү боюнча экинчи баскычтагы Бишкек шаардык сотуна даттанган, — бирок ал жактан да акча сурашкан.

«Биз жактоочу жалдап шаардык сотко кайрылдык, ал жактан бизден үч миң доллар сурашты. Бирок биз анчалык суммадагы акчаны төлөй албайт болчубуз, ошондуктан бир миң доллар гана бере алаарыбызды айттык. Анда үч судья болчу, алардын бири бир миңге макул болбой койду», — деди камактагы ал адам.

Анын туугандары талап кылынган сумманы чогултууга аракет кылышып, дагы бир миң доллар таба алышкан, ошентсе да соттор баары бир аны мөөнөтүнөн мурда бошотууга макул болбой коюшкан.

Азыр ал ишинин Жогорку сотто каралышын күтүп жатат. Ага карата — кара сарык диагнозу коюлган.

Талаштуу мөөнөтүнөн мурда бошотуу

Ошентсе да акыркы үч жылдын ичинде ден соолугуна байланыштуу үч киши эркиндикке чыккан. Алардын бири криминал авторитети Азиз Батукаев болгон, анын бошотулушу боюнча Кыргызстанда азыркыга чейин айыгышкан талкуулар, талашуулар болуп келүүдө.

Расмий түрдө ага карата «канында оор лейкоз дарты бар» деген диагноз коюлган, бул боюнча коомчулук жана бир топ саясатчылар тараптан бир катар шектенүүлөр айтылган.

Батукаев эркиндикке Нарын облустук сотунун чечими менен чыгарылган. Өз кезегинде судьялар атайын түзүлгөн медициналык комиссия менен №24 катаал режимдеги абактын дарыгери тарабынан коюлган диагноздун негизинде чечим кабыл алган.

Кийинчерээк бул боюнча түзүлгөн парламенттик комиссия авторитеттин бошотулушун мыйзамсыз деп тапкан, ал эми алар тараптан чакырылган көз карандысыз эксперттер криминал авторитетинин анализинин жыйынтыктары жасалма болгондугун билдиришкен.

Бирок Батукаев эркиндикке чыгаары менен эле Орусиянын Грозный шаарына учуп кеткен болчу.

Автор: Александра Ли
Сүрөттүн автору: Эрик Гурлан