Премьер медициналык кароодон өтүү үчүн кыска мөөнөттүү өргүүгө чыкты

Өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев алты күндүк — 11-ноябрдан 16-ноябрга чейин — эмгек өргүүсүнө чыкты. Басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, премьер бул күндөр аралыгында Москва шаарында медициналык кароодон өтөт.

Премьер-министрдин басма сөз катчысы Мелис Эржигитов медициналык кароодон өтүү пландуу экенин жана Сатыбалдиевдин саламаттыгы жакшы экенин айтып түшүндүрдү.

Премьер-министр 18-ноябрда жумушка чыгат.