Ымыркайды уурдаган деген шек менен Бишкектин төрөт үйлөрүнүн биринин медайымы кармалды

Бишкек шаардык №4 төрөт үйүнүн кызматкери жаңы төрөлгөн ымыркайды уурдаган деген шек менен убактылуу кармоочу жайга камалды — бул тууралуу Бишкек милициясынан кабарлашты.

№4 төрөт үйүнүн медайымы 13-ноябрь күнү күндүз кармалып убактылуу кармоочу жайга камалды.

Азырынча милиция 5-ноябрда жоголгон ымыркайды таба элек.

Ымыркай жоголгондон бир апта өткөн соң Шаардык саламаттыкты сатоо департаменти төрөт үйүнүн башчысын кызматынан кетирди — бул маалыматы Kloop.kgге берген маегинде медициналык мекеменин кабылдамасынан ырасташты.

Төрөт үйүндөгү кыз 5-ноябрь күнү саат 12:45-20:30дар аралыгында  жоголгон. Медицина кызматкерлери ымыркайды өз алдынча издеп табууга аракет кылышкан, бирок ал оорукана айланасынан табылбаган соң дарыгерлер милицияга кайрылышкан.

Ымыркай жоголгон маалда апасы төрөттөн кийинки оорудан улам Улуттук энеликти жана балалыкты коргоо борборунда болгон.

Атасы жумуш издеп Орусияга кеткен, бирок кызынын жоголгонун уккандан кийин кайтып келди.

Тергөө алгач ымыркайды анын апасынын Оштон келген туугандары уурдап кеткен болушу мүмкүн деп шектенишкен. Алар бала көрүү үчүн төрөт үйүнө келип кетишкен болчу.

Автор: Александра Ли