Бишкек: Төрөт үйүнөн ымыркайды уурдагандыгы үчүн үч адам кармалды

Бишкек милициясы №4 төрөт үйүнөн ымыркайды уурдаган деп шектелип жаткан үч адамды баланы батиринде кармап турган аялды, медайымды жана балага мыйзамсыз документтерди жасап берген №6 төрөт үйүнүн дарыгерин кармашты.

Шектүү аял алиге чейин көрсөтмө бере элек болгондуктан, азырынча тергөөчүлөр тарабынан кыздын эмне себептен уурдалгандыгы аныктала элек.

«Нуржан (шектүү аялдын аты) азырынча көрсөтмө бербей жатат. Аны менен тергөөчү иштеп атат», — деди Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Олжобай Казабаев Kloop.kgге берген маегинде.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, кызды уурдаган аял аны №6 төрөт үйүнүн дарыгеринин жардамы менен өзүнүн атына жаздырган, бирок аны кандай жол менен ишке ашыргандыгы азырынча белгисиз.

«Азырынча бир нерсе айтууга эрте», — деди ал.

Шектүү аял анын батиринен ноябрдын башында уурдалган ымыркай табылгандан кийин кармалган.

Ымыркайдын уурдалышы

Бир айлык кыз төрөт үйүнөн 5-ноябрда уурдалган. Медицина кызматкерлери алгач ымыркайды өз алдынча издеп табууга аракет кылышкан, бирок ал оорукана айланасынан табылбаган соң дарыгерлер милицияга кайрылышкан.

Ымыркай жоголгон маалда апасы төрөттөн кийинки оорудан улам Улуттук энеликти жана балалыкты коргоо борборунда болгон.

Атасы жумуш издеп Орусияга кеткен, бирок кызынын жоголгонун уккандан кийин кайтып келген.

Тергөө алгач ымыркайды анын апасынын Оштон келген туугандары уурдап кеткен болушу мүмкүн деп шектенишкен. Алар бала көрүү үчүн төрөт үйүнө келип кетишкен болчу.

Кыз жоголгондон бир апта өткөндөн кийин шаардык саламаттыкты сактоо департаменти төрөт үйүнүн жетекчилигин кызматынан кетирген.

Автор: Алексей Ким

Сүрөттө: ымыркай табылган батир (сол тарапта)