Екатеринбург: Кыргызстандын жараны өзүн өзү өрттөп каза болду

23-ноябрь күнү кечинде Орусиянын Екатеринбург шаарындагы сейил бактарынын биринде Кыргызстандын жараны өзүн өзү өрттөп жиберди. Аны сактап калууга мүмкүн болгон эмес, азырынча ал эмне себептен өз жанын кыюуга баргандыгы белгисиз.

Каза болгон кыргызстандыктын аты-жөнү айтылбай эле, болгону ысымы менен фамилиясынын баш тамгалары М.У. деп билдирилип, 25 жашта экендиги белгилүү.

Алгачкылардан болуп аны «Таганский» сейил багынын кароолчусу байкап, ал жөнүндө полицияга кабарлаган.

Чет жактардагы кыргыз мекендештер менен иш алып барган «Замандаш» ассоциациясы билдиргендей, кароолчу кесиптеши менен бирге өрт өчүргүч менен кыргызстандыкты куткарып калууга аракет кылышкан, бирок денесиндеги оор күйүктөрдөн улам ал аман калган эмес.

«Окуя болгон жерге барган ыкчам иликтөө тобу дененин жанында маркумдун тыкандык менен коюлган мобилдик телефон, документтери жана 1500 рубль чамалуу сыяктуу буюмдарын табышкан», — деп билдирет «Замандаш» өзүнүн пресс-релизинде.

Кыргызстандыктын эмне себептен мыйндай кадамга баргандыгы жана өзүн кайсыл зат менен өрттөгөндүгү али белгисиз.

Ал Ош облусунун жашоочусу болгон, «Азаттык» радиосунун маалыматы боюнча, Екатеринбургда убактылуу каттоого туруп жашап келген.

Соттук-медициналык экспертизадан кийин анын денеси мекенине жөнөтүлөт.

Уралдагы эң ири шаарлардын бири болгон Екатеринбургда Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын эң чоң уюмдарынын бири жайгашкан.

Автор: Бектур Искендер