Кыргызстан жаңгактарын Түштүк Кореяга сата баштады

Түштүк Кореянын ири супермаркет тармагы болуп саналган «Е-март» Кыргызстанда өскөн жаңгактарды жеткирүүнү жөнгө салды — бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Кыргызстанда өскөн жаңгак Түштүк Кореянын «Е-март» ири супермаркет тармактарынын өкүлчүлүктөрүнүн биринде  26-ноябрдан баштап сатыла баштады.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө ылайык,  жеткирилген жаңгактын алгачкы партиясы «чоң ийгилик менен» тез эле сатылып кеткен.

«Бүгүнкү күнгө карата компания өндүрүүчүдөн алып түз жеткирүүнү жөнгө салды. Жаңгактар алгач Кыргызстанда тазаланат, Кореяга жеткирилгенден кийин сорттолуп сатууга даярдалат», — деп жазылган ТИМдин билдирүүсүндө.

Министрликтин өкүлдөрү кореялык супермаркеттин жетекчилигине Кыргызстандан жаңгак гана эмес бал, кургатылган жер-жемиш, алча жана башка айыл-чарба азыктарын сатып алууну сунушташкан.

«Че Сон Дже мырза («Е-марттын» башкы менеджери) компания Кореяда өспөгөн башка жаңы азыктарга да кызыкдар экенин белгилеп, тиешелүү бөлүмдөр сунушубузду кылдаттык менен карап чыгаарына ишендирди», — деп билдиришти ТИМден.

Министрликтин маалыматы боюнча, «Е-март» Түштүк Кореядагы эң ири супермаркеттер тармагы болуп эсептелет жана жалпы Корея боюнча анын150дөй чамалуу өкүлчүлүгү бар.