Кытай «Түндүк-Түштүк» унаа жолунун курулушуна 400 млн. доллар бөлөт

Кытайдын Экспорт-импорттук банкы «Түндүк-Түштүк» альтернативалуу жолунун курулушу үчүн Кыргызстанга дээрлик 400 млн. долларлык насыя берет. Курулуш иштерин 2014-жылдын жаз айларында баштоо пландалып жатат.

Парламент «Түндүк-Түштүк» унаа жолунун курулушу жөнүндөгү Кытай менен болгон макулдашууну дароо үч окууда тең жактырды. Жыйынга катышкан 96 депутаттын бардыгы мыйзам долбоорун колдошту.

Парламенттин бүгүнкү жыйынында транспорт министри Каныбек Султанов насыя Кыргызстанга 20 жылга берилээрин айтты.

«Аталган долбоорго донор катары Кытайдын Экспорт-импорттук банкы чыгып жатат. Ал Кыргызстанга жылына 2 пайыз менен 20 жылга зайым берет, анда 9 жылдык эс алуу жана жеңилдетилген мезгил бар», — деди Султанов.

Өкмөттүн өкүлүнүн айтымында,  «Түндүк-Түштүк» унаа жолунун курулушу экономиканын өнүгүүсүнө жакшы таасирин тийгизет, аймактарды үзгүлтүксүз унаа байланышы менен камсыз кылат жана Орусия-Казакстан-Кыргызстан-Тажикстан каттамы боюнча өтмө транзитти түзөт.

Депутат Мирлан Бакиров альтернативалуу «Түндүк-Түштүк» унаа жолунун пайда болушу өлкөнүн ички дүң продукциясынын жогорулашына таасирин тийгизиши мүмкүн деп эсептейт.

«Бул долбоорду баарыбыз колдоп атабыз. Өкмөт дүң продукцияны жогорулатышы керек», — деди ал.

«Түндүк-Түштүк» унаа жолу

Үстүбүздөгү жылдын сентябрында өлкөнүн каржы министри Ольга Лаврова менен Кытайдын Экспорт-импорттук банкынын төрагасынын орун басары Лю Ляньгэ «Түндүк-Түштүк» унаа жолунун курулушуна 400 млн. доллар насыя бөлүү жөнүндөгү макулдашууга кол коюшкан.

Жолду куруу долбоорун үч бөлүккө бөлүү чечими кабыл алынган:

  • Биринчи бөлүгү (154 чакырым) жолдун Кызыл айылынан Жылдыз-Арал айылына чейин, жана Казарман айылынан Жалал-Абад шаарына чейинки участогу.
  • Экинчи бөлүк: 96 чакырымга созулган Арал — Казарман участогу. Бул жерге 700 метр узундуктагы туннель куруу пландалууда.
  • Үчүнчү бөлүгү жолдун Балыкчы-Кызыл-Жылдыз участкасын камтыйт.

Курулуштун жалпы баасы 850 миллион АКШ долларын түзөт.

Учурда Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн жалгыз Бишкек-Ош унаа жолу гана байланыштырып турат.

Автор: Нуржамал Жаныбекова

Сүрөт иллюстрацияланган.