Парламент педофилдерди бычууга каршы чыккан президенттин каршылыгын четке кага алган жок

Парламент депутаттары педофилдерди бычуу жөнүндөгү мыйзам долбоору боюнча президенттин каршылыгын жеңүүгө жеткидей добуш топтой алышкан жок. Буга чейин өлкө башчысы химиялык бычууга каршы чыккан болчу.

Жыйынга катышкан 95 депутаттын 70и педофилдерди бычууга каршы болгон президент Алмазбек Атамбаевдин көз карашын колдоодон баш тартышты.

Ошентсе да алардын добуштары өлкө башчысынын каршылыгын жеңүүгө талап кылынган добуштардын санына жеткен жок – ал үчүн депутаттардын 80 добушу керек болчу.

Буга чейин Атамбаев эрезеге жете электерди зордуктагандыгы үчүн соттолгондорду бычуунун «натыйжасыздыгы» жөнүндө айткан. Ал педофилдерди өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы менен жазалоону туура деп эсептейт.

«Балдардын жыныстык кол тийбестигине каршы жасалган кылмыштарга каршы аракеттин натыйжалуулугу мындай даражадагы кылмыштар үчүн жазаны өмүр бою эркинен ажыратууга чейин катаалдатуу жолу аркылуу жогорулашы мүмкүн», — деп жазылган президенттин каршы пикиринде.

Добуш берүү аяктаары менен парламентарий Турсунбек Бакир уулу Twitter кичиблогдук платформасы аркылуу нааразычылыктарын билдирип баштады. Депутат президенттин демилгесин колдогондорго карата бир нече билдирүү жазды:

«Педофилдер "Ар-Намыс" фракциясынан К.Рысбаевге ыраазычылыктарын билдириши керек, ал депутаттарды химиялык бычууну колдобоого  башкаларга караганда көбүрөөк чакырды», « КСДПдан педофилдерди З.Алымбеков,Г.Жамгырчиева, Э.Иманкожоева,Ж.Исаев, И.Исаков, Б.Кадыров, И.Карамушкина, А.Кутушев, Д.Тербишалиевдер колдошту», « Бычылбай турган педофилдер ошондой эле "Ар-Намыс" фракциясынан депутаттар  А.Алтыбаевга,А.Калматовго,Б.Жетигеновго жана Т.Узакбаевге ыраазычылыктарын билдирүүлөрү керек!», — деп жазды ал Twitterдеги эккаунтуна.

Педофилдерди химиялык бычуу жөнүндөгү мыйзам долбоору укук коргоочулар тарабынан сынга алынган. Алар ал жазанын «натыйжасыз» экенин жана көп каражатты талап кылаарын билдиришкен.

Автор: Нуржамал Жаныбекова