Ала качуу: бир күндүк, бир апталык турмуш

Акыркы 9 ай ичинде өлкө түштүгүндө 700гө жакын кыз-келин  ала качуудан жабыркап, кризистик борборлорго кайрылган.  Адистердин айтымында, ала качуу менен курулган үй-бүлөлөрдүн айрымдары 1 күн же 1 аптада эле урап калат.

Ала качуу кылмыш  деп эсептелип, ага жаза катаалдашса да, кээ бир жарандар муну салт деп эсептешет. Кечээ күнү  Ош технологиялык университетинде ала качуу, көп аял алуу, эрте турмуш куруу маселелери боюнча  студенттер арасында талкуу болду.

Ала качкан жарандарга кылмыш иши козголо тургандыгын, мыйзам бар экендигин  белгиледи юрист Марина Гайнанова.

Марина Гайнанова.
Марина Гайнанова.

«Бизде кыз ала качуу салт деген түшүнүк элибизде сакталып калган. Бирок, бул кылмыш. Азыр көбүнчө айыл жергесинде ала качуулар көп болуп жатат. Эки күн жашап кайра эле ажырашып жатышат. Мисалы, кечээ эле бир кыз келди, ала  качып кетишип, кайра эле бир аптада үйүнө кетирип жиберген. Мындай окуялар бизде толтура. Буларды токтотуу үчүн Мыйзамда 155-156- беренелер бар»,-дейт Марина Гайнанова.

Айрым студенттер ала качуу салт да, кылмыш да эмес деп эсептешет.

Амантур Арстанбек уулу  кыз ала качуу бул адат деп ойлойт:

Амантур Арстанбек уулу
Амантур Арстанбек уулу

«Бизде сөз бар: «Үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы» деген. Ошондуктан, кыз ала качууну жок кыла албайбыз го. Эгерде тааныбай-билбей туруп ала качса,  бул кылмыш. Эгерде кыз-жигит атайын макулдашып ала качса, бул кылмыш эмес, адат деп ойлойм. Чындыгында кыздар мал эмес, көрүнгөн жерден эле сала калып отургузуп койгудай. Ала качкандарды жазалаш керек. Бизде азыр мыйзам жакшы эле иштеп жатат»,-дейт Амантур Арстанбек уулу.

ОшТУнун кыздар кеӊешинин төрайымы Элзада Жолдошова кыз ала качууну кылмыш деп эсептейт.

Элзада Жолдошова
Элзада Жолдошова

«Ала качууда кызга буюмдай эле мамиле жасашат. Анын колу-бутун кайрып, коркутуп, кызга психологиялык жактан кордук көргөзүшөт. Буларга сөсүз жаза колдонуш керек. Бизде азыр ала качып кайра эле ажырашып жатышат. «Бул кыздардын тагдыры эмне болот?» деген суроого эч ким жооп бере албайт»,-дейт Элзада Жолдошова.

Психолог Гүлнара Оӊкошованын айтымында, мындай иш-чаралар кыздардын өз укугун билип, жигиттер ала качуу үчүн жаза аларын билүүгө максатталат.

Гүлнара Оӊкошова.
Гүлнара Оӊкошова.

«Азыркы күндө ала качуу бир топ азайды. Бирок кайрылып жаткан кыз-келиндер  көп. Көпчүлүгү ала качуу жолу менен баш кошкон жаштар. Бизде 18 жашка чейин нике күбөлүгү  берилбейт. Кыздарыбыз көбүнчөсү эле бирден бала төрөп ажырашып жатышат. Төрөлгөн балдарга  күбөлүк жок, же атасынан алимент ала албай кыйналышат»,-деди Гүлнара Оӊкошова.

Акыркы 9 айдын ичинде Түштүк регионунда 700гө жакын кыз-келиндер ала качуу маселеси боюнча атайын адистерге кайрылышкан.

 

Автор: Гүлзар Осмонали кызы

Сүрөттөр автордуку

Редактор: Гүлзат Газиева