Стипендияга болгон талаптарга студенттер нааразы

Стипендия жалаң гана «5» алгандарга бериле тургандыгына студенттер нааразы. Мугалимдер болсо бул стимул боло турганын айтат. Бирок бул талап коррупцияга да алып келет деген ойлор бар.

Ош мамлекеттик университетинде окуган Жумагүл Бекболот кызы жалаң гана 5 алгандыгы үчүн мурунтан эле стипендия алып келет. Стипендиянын көтөрүлгөнү ал үчүн бир жагынан жакшы болсо, бир жагынан кыйын экендигин айтат.

Жумагүл Бекболот кызы
Жумагүл Бекболот кызы

«Мен мурун 250 сом стипендия алат элем. Талап күчөгөндөн бери айына 800 сом алып жатам. Бул албетте мен үчүн жакшы. Бирок жалаң гана 5 алуу да аябай кыйын. Анын үстүнө 5ке окуган студенттер өтө аз. Биздин группада 43 студент окуйт. Алардын 10у гана бюджеттик негизде. Талап күчөгөндөн бери стипендияны 3 эле студент алат. Бул албетте коррупцияга алып келет деп ойлойм. Анткени, бир эле төрт алып калгандар беш коюп берүүсү үчүн акча берет. Менимче 4 алган студенттерге дагы стипендия берип койсо жакшы болмок. Мурун стипендияны азыраак алгыныбыздын себеби, 4-5 алгандарга тегиз бөлүнүп берчү. Ал эми азыр болсо алардын акчасын чогултуп, баарын 5 алгандарга эле берилип жатат»,-дейт Жумагүл.

Ал эми ОшМУда 3-курсунун студенти Гүлбурак Жумабек кызы 4-5ке окуп келген. Азыр болсо бир 4 алып калып, стипендиядан куру калганын айтат.

«Бул токтомду биле электе башта 4-5 алгандарга 720 сом берилет деп айтышкан. Ошондо аябай сүйүнгөнбүз. Мурун 270сом стипендия алып жүргөнбүз. Бирок 720 сом дагы берибей калгандыгын уктук.  Бизде кыйын профессор мугалимдер сабак берет. Ошондуктан жалаң гана 5 деген баа алуу оңой эмес. Мурунку сессияда бирөөнөн «төрт» алып калгандыгым үчүн стипендия ала албай калдым. Муну биле электе карточкамды карасам акча түшпөптүр. Кийин мугалимдерден сурасам төрт алгандарга берилбей тургандыгын айтты. Муну мен негизи туура эмес деп ойлобойм. Анткени студенттер катуураак аракет кыла башташат. Бирок бир гана төрт үчүн албай калуу да өкүнүчтүү экен», - деди Гүлбурак.

ОшМунун стипендия  боюнча адиси Динара Курбанбаева бул коррупцияга алып келишин айтат. Анткени, эң жакшы баа үчүн студенттер пара да бериши мүмкүн.

Динара Курбанбаева
Динара Курбанбаева

«Бул токтом 2013-жылы 4-июлда министирликтен келген. Бийлик да студенттердин жакшы окуп катуу аракет кылуусун каалайт. Анткени билимдүү адамдар мамлекетке керек. Албетте бул  боюнча студенттердин арасынан нааразычылыктар болду. Мурун стипендия алган студенттердин саны 1430 га жетсе, азыркы учурда 319 гана студент алып жатат. Жалаң «4» алган студенттердин саны 237, «4-5» алгандар 257, жалаң «5» алгандар болсо 276 га жетет», - дейт Д. Курбанбаева.

Анткен менен ОшМУнун  тарбия иштери боюнча департаментинин директору Замир Бөжөнов минтет:

Замир Бөжөнов
Замир Бөжөнов

«Биздин университеттин 10%ы гана бюджеттик негизде окушат. Эми ошолордун арасынан эң мыктыларына гана стипендия бериле турган болду. Мен муну эң туура деп эсептейм. Анткени бюджетте окугандардын баарына стипендия берилсе болбой калат экен. Ошондуктан эң жакшы окугандар үчүн гана бериле турган болду. Бул коррупцияга бир жагынан алып келиши мүмкүн, бир жагынан алып келбейт деп ойлойм. Анткени студент эң жакшы баа үчүн акча берип, кийин ошол эле акчаны ала турган болсо, анда акча берүүнүн пайдасы деле жок. Балким мугалим андан да көбүрөөк сурап калат. Бирок мен мындай соодалашкан студенттер аз эле болсо керек деп ойлойм. Бюджетте окугандарга мамлекет каржылап жаткандан кийин, алар эң жакшы окуганга шарт түзүп жатат. Анын үстүнө мамлекет көп студенттерге стипендия төлөп бере албайт. Бул токтом студентке оң таасирин берет деген үмүттөмүн. Анткени алар катуу аракет кылып, билим деңгээли өсөт деген ойдомун».

Ош мамлекеттик университетинде 30 миңге жакын студент билим алат. Ал эми Ош шаарында баары биригип 10го жакын жогорку окуу жайлар бар.

Автор: Назгүл Мадазимова

Сүрөттөр автордуку

Редактор: Гүлзат Газиева