Учкан уяны унутпай

Үй бүлөлүк балдар  үйүнүн  тарбиялануучулары турмуш жолун улап  кетишсе  да, өздөрү  чоңойгон үйдү  унутушпайт. Чогуу тарбиялангандар бир  туугандай  болуп, бири-бирине жардамдашууга  даяр.

«Алтын уя» үй  бүлөлүк  балдар  үйүндө тарбияланып  жаткан  Бийназар  Мирбек  уулу  учурда  шаардагы  Карл  Маркс  орто  мектебинде  6-класста  окуйт. Келечекте  сүрөтчү  болгусу  келет.

Бийназар  Мирбек  уулу
Бийназар Мирбек уулу

«Балдар  менен  ойнойбуз, мектепте  досторум  көп. Сүрөт  сабагын  жакшы  көрөм, келечекте  сүрөтчү  болом. Музыка мектебине  барам. Мектепте  ар  түрдүү   кароо  сынактарга  катышам. Кийимдерим, китептерим  көп. Бул  жердеги тамактар  жагат,  ширин  күрүчтү  жакшы  көрөм»,- дейт  Бийназар.

Балдардын  өздөрүнүн  программалары, тартиптери  бар. Өз  убагында  тамактанып, жуунуп, сабактарын  даярдашат, майрамдарда  кечелерди  уюштурушат. Ар  түрдүү  музыкалык  аспаптарда  ойношот, сүрөттөрдү  тартышат.

DSCF0121

«Алтын уя» толук    үй  бүлөлүк  балдар  үйү   2006-жылы он  эки  балага  ылайыкталып  негизделген. Учурда  он  сегиз  бала  тарбияланат. Бирок  мамлекет  тарабынан  он  эки  балага  каражат  бөлүнүп  берилет. Он  бала  шаардык  мектептерде  окушат. Бул  жерден  тарбияланып  өз  үй  бүлөсүн   куруп  кеткен  улан- кыздар  да  бар. Алар  да  тез-тез  бул  жерге  келип  күнүмдүк  тиричиликке  карашып  турушат.

DSCF0130

35-36 жаштардагы Наргиза  Махмудова  да  ушул  жерден  тарбияланган. Учурда  үй  бүлөлүү,үч  баланын  энеси. Балдар үйүнүн жетекчиси Тамара  эжени  өз  апасындай, тарбияланып  жаткан  балдарды  өз  үй  бүлөсүндөй  көрөрүн айтат.

«Өзүм  ушул  жерден  тарбиялангам, балдарым, өмүр  жолдошум  бар.Тез –тез  келип   Тамара  эжеге  жардам  барип  турам. Анын  иштери  көп, баарына  үлгүрө  албайт. Балдар  менен  иштешкен  кыйын. Тандырга  нан  жаап  берем, кышкыга  компот, салаттарды  даярдайбыз. Булардын  баарын  кыздарга  үйрөтөм. Жакында  эки  кыз  турмушка  чыкты. Алардын  себин  да  ушул жерден  өзүбүз  даяардап  берип  узаттык»,- дейт  Наргиза Махмудова.

Тамара  Токтомаметова
Тамара Токтомаметова

«Алтын  уя»   балдар  үйүнүн  жетекчиси   Тамара  Токтомаметова    балдардын  талантуу, ынтымактуу  экенин  айтып  өттү.

«Бул  жерде  таштанды,  оорукчан  балдар  тарбияланат. Балдар  баары  ынтымактуу, талантуу. Мектептерде, музыкалык  мектептерде  окушат  жана  Динамо  спорт  залына  барышат.  Мамлекет  тарабынан,  эл  аралык  уюмдардан  жардамдар  берилет. Тоодогу  туугандарым  эт, сүт, май  салып  турушат. Ошол  менен  да  жакшы  тамактарды   жасап  беребиз. Киймидерге, окуу  куралдарына  мамлекеттен  жардамдар  болот, жетпегенин  өзүм  алып  берем»-дейт  Т.Токтомаметова.

Ош  шаарында  эки  толук  үй  бүлөлүк  балдар  үйү, мамлекеттик  жетим  балдар  үйү  жана  бир «Боорукердик» карылар жана балдар   үйү  бар.

Автор: Үмүтай Жума кызы

Сүрөттөр автордуку

Редактор: Гүлзат Газиева