Кара-Балта: 50 чамалуу киши кытай заводуна каршы митинг өткөрүп жатышат

Мунай иштетүүчү «Джунда» кытай заводунун ишине нааразы болгондор Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта шаарында митингке чыгышты. Бул аталган ишкананын ишине байланышкан алгачкы нааразычылык акция эмес.

Жергиликтүү тургундар күйгөн отундун жыты мунай иштетүүчү заводдон бир нече чакырым алыстыкта жайгашкан жакынкы айылдар менен Кара-Балта шаарынын айланасына тарап жатканына нааразы болуп жатышат, деп билдирүүдө АКИпресс маалымат агенттиги.

Учурда нааразычылык акциясына чогулгандардын саны 50 кишиге жетти, алардын арасында жергиликтүү кеңештин депутаттары дагы бар. Тартиптин сакталышына милиция кызматкерлери көз салып жатышат.

Бул мунай иштетүүчү кытай заводунун ишмердүүлүгүнө байланышкан алгачкы нааразычылык акциясы эмес — үстүбүздөгү жылдын февралынын башында заводко каршы 100гө чукул адам митингке чыккан. Алар ишкананын айлана-чөйрөнү булгап жатканына нааразы болушкан.

Ал митингден эки апта өткөндөн кийин шаардык кеңештин депутаттары сессияга чогулушуп, анын жыйынтыгында заводдун ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча комиссия түзүү чечимин кабыл алышкан.

24.kg маалымат агенттигинин билдирүүсү боюнча, комиссиянын курамына шаардык кеңештеги фракциялардын ар биринин депутаттары, райондук кеңештин депутаттары, ошондой эле тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү менен заводдун жетекчилиги кирген.

Заводдун курулушу аяктап, ишке берилүүгө даяр болгону менен экология маселеси 2012-жылдан бери көтөрүлүп келет жана алар ар дайым Кара-Балтанын жашоочуларынын саламаттыктарынын начарлап жаткандыгы жана мунай иштетүүчү завод тараптан келген жагымсыз жыт тууралуу даттануулары менен коштолуп келет.

Компаниянын өзү болсо заводдун жергиликтүү тургундарга эч кандай зыян келтирбестигин жана алардын дарегине айтылып жаткан экологиялык дооматтардын негизсиз экендигин бир нече жолу билдирген.

«Джунда» кытай заводу  — Кыргызстандагы мунай иштетүүчү борборлордун алгачкыларынын бири. Анын крулушу 2009-жылы эле башталган жана бийликтегилер билдирип жаткандай, заводдун салык катары өлкө казынасына жылына 5 млрд сом которуп тураары күтүлүүдө.