"Алай" - «Риффа»: беттеш тең чыгуу менен аяктады

Ош шаарында АФКнын кубогунун алкагында Кыргызстандын “Алай” футбол клубу менен Бахрейндин “Риффасы” беттешип, оюн 0:0 эсебинде аяктады.

"Алай" футболдук клубу кыргызстандык клубдардын ичинен биринчи болуп Азия футбол конфедерациясынын Кубогуна катышууда. “Алай” 2-февралда Палестинанын чемпиону “Аль-Дахриа” клубун утуп, мелдештин финалдык баскычына жолдомо алган болчу.Alai_Riffa_(D_U)18_1Аянт дээрлик көрөрмандарга толду. Уюштуруучулардын расмий бидирүүсүндө 11 миңден ашык билет сатылган. Ошондой болсо да оюн башталаарда аянтчанын дарбасын адамдар түртүп эле кирип кетишкенине күбө бодум. Аянт 15-20 миң көрүүчүгө ылайыкталган.Alai_Riffa_(D_U)19_1Оюн башталаары менен эле “Алайдын” №6-оюнчусу Шерзот Шакировдун көзүнө ылай чачырады. Буга чейин “Риффа” тарап Оштогу Акбар Сүйүнбаев атындагы стадиондун талапка жооп бербегендигин баса белгилеп айтып жаткан.Alai_Riffa_(D_U)24_1Alai_Riffa_(D_U)27_1Alai_Riffa_(D_U)29_1Alai_Riffa_(D_U)30_1Alai_Riffa_(D_U)33_1Alai_Riffa_(D_U)34_1Биринчи бөлүктө “Алай” бир гол киргизди. Бирок аны калыстар “дарбазачыга каршы орой ойношту” деген жүйөө менен эсепке алышкан жок. Ошентип кошумча эки мүнөт берилип, биринчи бөлүк 0-0 эсеби менен аяктады.Alai_Riffa_(D_U)36_1Экинчи бөлүктө кооптуу кырдаалды “Риффа” тарап көп түзүп жатканы менен алардын үч оюнчусу оор жаракат алды. Муну клубдун машыктыруучусу “стадиондогу шарттын жоктугу" менен байланыштырды.Alai_Riffa_(D_U)37_1 Alai_Riffa_(D_U)38_1Оюн аягына чыгып, дагы төрт мүнөт кошумча убакыт берилди. Ошентип беттеш 0:0 эсебинде аяктады.