Видео: Максым Вашингтондо дегустацияга коюлду

Ачык эшик күнүнүн алкагында 3-май күнү Кыргызстандын АКШдагы элчилиги тарабынан популярдуу улуттук кыргыз суусундугу — максым — Вашингтондо дегустацияга коюлду.

Видео Кыргызстандын АКШдагы элчилигинин Youtube.com сайтындагы расмий каналына жарыяланган.