Кыргызстандын жараны Бостон терактына байланыштуу айыпталууда

Массачусетс штатынын бийлиги 23 жаштагы кыргызстандык Хайрулложон Матановду 2013-жылдын апрелиндеги Бостон марафонундагы жардыруулар боюнча жалган көрсөтмө берген жана тергөөгө тоскоолдук кылган деп айыптоодо.

Массачусетс аймактык прокуратурасы расмий билдирүүсүндө кыргызстандык Хайрулложон Матанов өз компьютериндеги далилдерди өчүргөн жана атайылап жалган көрсөтмө берген деп айыпталып жаткандыгын билдирди.

«Матанов ФБРдин [Федералдык тергөөлөр бюросунун] тергөөсүн чаташтыруу максатында шектелип жаткан террористтер менен [Джохар жана Тамерлан Царнаевдер менен] болгон достук мамилелери, алар менен байланышта болгондугу, ошондой эле айыпталуучулар менен бир көз карашта экендиги фактысы боюнча аракеттерди көргөн деген божомолдор бар», — деп жазылган билдирүүдө.

Айыптоочу тарап Матанов компьютериндеги маалыматтарды өчүргөндөн сырткары федералдык тергөөчү менен болгон маегинде бир нече жалган көрсөтмө берген деп эсептейт.

Айыптоо өкүмүндө Матановдун жардырууларга катышкандыгы же ал жөнүндө алдын ала билгендиги тууралуу эч нерсе жазылган эмес.

Хайрулложон Матанов далилдерди жок кылгандыгы үчүн 20 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Ошондой эле ал ар бир жалган көрсөтмөсү үчүн дагы сегиз жылга эркинен ажыратылышы ыктымал. Андан сырткары Матанов айыпталып жаткан төрт эпизод боюнча үч жыл эркиндикте полициянын көзөмөлүндө болуу жана 250 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү айып төлөтүү жазалары каралган.

Бирок Матановдун дарегине айтылып жаткан бир катар айыптоолорго карабастан Массачусетс аймагынын прокуратурасы анын бардыгы тең жөн гана божомолдоолор экенин, ал эми шектүү адам анын күнөөсү сотто далилденмейинче күнөөсүз деп эсептелээрин билдирүүдө.

Царнаевдер менен болгон «достук мамиле»

Айыптоо өкүмүндө Кыргызстандын жараны Хайрулложон Матанов 2010-жылы АКШга мыйзамдуу түрдө келип, андан бери Массачусетс штатынын Квинси шаарында жашап, такси айдоочусу болуп иштей тургандыгы жазылган. Ошондой эле анда анын бир тууган Царнаевдер менен жардырууларга чейин эле достук мамиледе болгондугу айтылат.

Айыптоочу тараптын маалыматы боюнча, Матанов жардыруу болгон күнү кечинде Царнаев менен ресторанда тамактанган, ошондой эле алар ФБР тарабынан шектүүлөрдүн сүрөттөрү жарыялангандан кийинки күндөрү да телефон аркылуу байланышып турушкан.

«Теракттан кийинки алгачкы күндөрү Матанов жардыруулардын туура экендигин билдирген, бирок ошол эле аптада ал жардыруулардын балким жаңылыш болгондугун да айткан», — деп жазылган айыптоочу өкүмдүн 17-пунктунда.

АКШнын бийлиги билдиргендей, Царнаевдерди тааный тургандыгын билдирүү үчүн Матанов полицияга өзү барган, бирок «бир туугандарды өтө жакшы билерин айтпай» жалган көрсөтмө берген.

«Матанов Тамерлан Царнаев менен көптөн бери көрүшө электигин айтканы менен ал алардын ортосундагы достук мамилелердин даражасы жана жардыруулар болгон аптада —  өзгөчө теракттан кийинки бир нече сааттын ичинде — бир тууган Царнаевдер менен байланышта болуп, сүйлөшүп тургандыгын четке кагуу менен ал жөнүндөгү маалыматтарды жашырган», — деп билдирди айыптоочу тарап.

Би-би-синин маалыматы боюнча, полиция өткөн жылы да Бостондогу теракт боюнча «сот акыйкаттыгын ишке ашырууга тоскоолдук кылган» деп Джохар Царнаевдин дагы үч досун айыптаган.

Казакстандын эки жараны — Азамат Тажаяков менен Диас Кадырбаев — Джохар Царнаевдин рюкзагы менен ноутбугун жок кылышкан деп, ал эми Робель Филлипос жалган күбө болгон деп айыпталышкан. Бирок булардын үчөөсүнүн бирөөнө да жардырууга катышуу айыбы тагылган эмес.

Бостон марафонундагы жардыруулар

Аралыгы бир нече секундду түзгөн эки жардыруу жыл сайын өтүүчү Бостон марафонунда 2013-жылдын 15-апрелинде орун алган. Жардыруучу зат жеңүүчүлөр марага жеткенден жарым саат өткөндөн кийин (бирок жарыштын калган катышуучулары мара сызыгына жете электе) болжол менен жергиликтүү убакыт боюнча саат күндүзгү үчтөр чамасында ишке киргизилген.

Жардыруулардын жыйынтыгында жалпысынан үч киши каза болуп, дагы 250дөн ашыгы түрдүү жаракаттарды алышкан.

Анда Американын полициясы жардыруу болгон жердеги видео көзөмөл камерасындагы көчүрмөлөргө таянуу менен терактты уюштурууга Түндүк Кавказдан барган Джохар жана Тамерлан Царнаевдер шектелип жаткандыктарын билдирген.

18-апрель күнү Бостондун сыртындагы Массачусетс технологиялык университетиндеги ок атышуулар тууралуу маалымат келип түшкөндөн кийин Джохар Царнаевди колго түшүрүү операциясы башталып, бир нече саатка созулган. Ал ок атышуунун жүрүшүндө университеттин коопсуздук кызматынын полициясы оор жаракат алып, кийинчерээк ооруканадан көз жумган.

Ошол эле күнү кечинде колго түшүрүү маалында орун алган ок атышуунун натыйжасында бир туугандардын улуусу Тамерлан Царнаев өлтүрүлгөн. Кийинчерээк полиция тарабынан анын иниси Джохар кармалып, камакка алынган.

Царнаев күнөөсүн мойнуна алган эмес. Ал массалык кыйратуучу жана ок атуучу куралдарды колдонгон, ошондой эле төрт адамды өлтүргөн деп айыпталып жатат. Эгер ал тагылып жаткан айыптар боюнча күнөөлүү деп табылса, анда өлүм жазасына буюрулуусу мүмкүн. Царнаевдин иши боюнча сот 2014-жылдын ноябрына белгиленген.