Видео: Бишкекте унаа жөө адамды сүзүп кетүүдө

Интертетте «Фольксваген Гольф» үлгүсүндөгү унаа жолдун уруксат берилбеген бөлүгү аркылуу өтүп бара жаткан жөө адамды сүзүп кеткендиги тартылган видео пайда болду.

Окуя 28-май күнү Бишкекте болгон — унаа жолдун уруксат берилбеген бөлүгү аркылуу өтүп бара жаткан жөө адамды сүзүп кеткен.

Жол кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан жөө адам аман калган болушу мүмкүн деп божомолдошууда.

«Акыркы апта ичинде Бишкекте адам өмүрүн алып кеткен жол кырсыгы болгон эмес», — деди  Kloop.kgге басма сөз кызматтын өкүлү Тилек Оторов.

Видеонун түп нускасы drive2.kg сайтына чыккан.