Facebook төрт жыл ичинде “эң узакка созулган үзгүлтүктү” баштан өткөрдү

Facebook коомдук тармагы акыркы төрт жылда эң узакка созулган жана глобалдык үзгүлтүккө учурады, деп жазат британиялык “Гардиан” гезити. Сайт 40 мүнөттөй иштебей турду.

Бишкек сааты боюнча болжолдуу 13:50 чамасында болгон үзгүлтүк бүткүл дүйнөдө жүз берди. Глобалдык тармактын сайты 40 мүнөт бою “Кечиресиз, бир нерсе туура болбой жатат” деген катаны көрсөтүп турду.

“Кечиресиз, бир нерсе туура болбой жатат. Биз бул көйгөйдү тез арада чечүү үчүн иштеп жатабыз”, - деп сайттын негизги баракчасында жазылып турду.

Бул үзгүлтүк Facebookтун мобилдик колдонмосуна да катталды.

Үзгүлтүктүн себептери белгисиз бойдон калууда - компаниянын өкүлдөру азырынча үзгүлтүктүн себебин түшүндүрө элек, бирок бул туурасында британиялык “Гардиан” гезитине кыскача комментарий берген.

“Эртең менен биз кыска бир убакыт ичинде колдонуучулар Faceebookта пост чыгара албай жаткан көйгөйүнө дуушар болдук. Маселени тез арада чечип, азыр кайрадан 100 пайыз иштеп жатабыз. Үзгүлтүктүн себебинен келип чыккан ар кандай жаңылыштыктар үчүн кечирим сурайбыз”, - дейт Facebookтун өкүлү “Гардиан” гезитине жазган катында.

Буга чейинки Facebookтун үзгүлтүккө учуроосу акыркы жолу 2000-жылы болгон. Анда сайтка эки жарым сааттай кирүүгө мүмкүн болгон эмес.

Ошондо компания муну сервердик үзгүлтүк убагында каталарды оңдоп туруучу автоматтык система оңдоолорго караганда, көбүрөөк зыян келтире баштаганы менен түшүндүргөн эле.

Facebook - дүйнөдөгү эң глобалдуу социалдык тармак. Ал Гарвардын мурунку студенти Марк Цукурберг тарабынан негизделген.

Учурда тармактын колдоннучуларынын саны бир миллиарддан ашат.

Англис тилин билгендер үчүн бонус - Facebook жөнүндө кинодон үзүндү, анда каарман Цукерберг социалдык тармак эч качан үзгүлтүккө учурабайт деп айтканы бар: