Атамбаев: “Газпром” Кыргызстандын түштүгүнө Казакстан аркылуу газ түтүктөрүн алып өтөт

Казакстандан келген газ түтүгү Талас облусу аркылуу Кыргызстандын түштүгүнө өткөрүлөт, деп билдирди президент Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад облсунунун Аксы районуна болгон иш сапары убагында.

Ушул жол менен “Газпром” Кыргызстандын түштүгүндөгү газ кризисинен чыгуу жолун табууга аракет кылып жатат, деп билдирет ал.

Өлкөнүн түштүгүндөгү бул маселе Өзбекстан келишимден бир тараптуу чыгып, өзүнүн газ берүүсүн токтоткондон кийин пайда болгон.

“Мен “Газпромдон” газ кризисинен чыгуу жолун табуусун сурандым. Орусиялык компания Казакстандан газ түтүгүн куруп, аны Талас облусу аркылуу өлкөнүн түштүгүнө өткөрүлүүсү мерчемделүүдө”, - деген президенттин сөзүн “Вечерний Бишкек” порталы баяндайт.

Атамбаевдин белгилешинче, Өзбекстан газ берүү боюнча Кыргызстанга туура келбеген шарттарды коюуда.

“Алар биздин Чоң-Алай өрөөнү аркылуу өтүүчү Түркмөнстан - Кыргызстан - Кытай газтүтүгүнө кошулбашыбызды талап кылып жатышат. Бирок биз мындай шарттарды кабыл кыла албайбыз. Өзбекстан өлкөнүн түштүгүнө газ берүүнү жаңылоого ниети жок”, - деп айтты президент.

Кыргызстандын түштүк бөлүгүндөгү жашоочулар 14-апрелден бери, Өзбекстан келишимдин мөнөтү аяктагандыгынан улам газ берүүнү токтоткондон кийин газсыз күн кечирүүдө.

Кыргызстандын түштүк облустарына газ берүүнү жаңылоо үчүн Өзбекстан Сох анклавына коридор берүүнү жана Нарын дарыясындагы ГЭСтин курулушун токтотууну талап кылууда.

Азыр Кыргызстанды газ менен камсыздоого, “Кыргызгазды” 2014-жылдын апрелинде сатып алган орус ишканасы “Газпром” жооп берет.

"Газпром" ишканасынын төрагасы Алексей Миллер Кыргызстандын премьер-министри менен болгон жолугушуусунда анын компаниясы өлкөгө көгүлтүр отундун жеткирилишине толугу менен кепилдик берерин билдирген.