“Кыргызгаз” Ошто суюлтулган газ сатуу түйүндөрүн ачат

Оштун газ чарбасы апрелдин ортосунан бери шаарда уланып жаткан газ кризиси менен күрөшүү үчүн суюлтулган газ сатуу пункттарын ачмакчы.

Суюлтулган газды пайдаланууну биринчилерден болуп Алмазбек Атамбаев 19-июнда Ош шаарына болгон сапарында сунуштады.

Суюлтулган газ - ыңгайлуу сактоо жана турмуш-тиричиликте колдонуу үчүн суюктукка айландырылган табигый газ.

Суюлтулган газ баллондорун сатуу түйүндөрүнүн саны жана алардын баалары азырынча белгисиз - Ош газ чарбасынан Kloop.kgге кабарлашкандай, мунун баары “Кыргызгаздын” менеджерлери “Газпром” менен Орусияда сүйлөшүү жүргүзүп келген соң билинет.

“Бизде мындай түйүндөр көп болушу керек, эгерде “Кыргызгаздын” жетекчилиги бизге тапшырма берсе, анда сөзсүз түрдө андай пункттар ачылмакчы”, - деди газ чарбасынын түштүк башкармалыгынын башчысы Маматкалык Аматов.

Азыр, анын айтымында, газ чарбасы өлкөнүн түштүк бөлүгүнө Өзбекстан газ берүүнү токтоткондон кийин канча үйдүн газсыз калгандыгын аныктоодо.

Аматов кошумчалагандай, “Кыргызгазда” газ кризисинен чыгуунун бир канча жолу бар.

“Биздин пландарыбыздын ичинде көп нерсе бар. Тажикстан - Кыргызстан - Кытай газ түтүгүн мисал келтирсек болот. Түштүктөн түндүккө газ түтүгүн тартып келүү пландарыбыз бар. “Кыргызгаз” бул газга байланыштуу жагдайды ордунан жылдырууга аракеттенип жатпайбы”, - деди ал.

Президент Алмазбек Атамбаев өз кезегинде белгилегендей, өлкөнү газ менен камсыздоого жооп берген “Газпром” Казакстандан газ түтүгүн Кыргызстандын түштүгүнө өткөрөйүн деп жатат.

Өзбекстан 14-апрелде келишимдин мөөнөтү аягына чыккандыктан Кыргызстандын түштүгүнө газ берүүсүн токтоткон. Бул түштүк облустарда газ кризисин жараткан. Акыркы маалыматтарга караганда 60 миңдей абонент көгүлтүр отунсуз калган.