Видео: Ош базарынын сатуучулары насвайга киргизилчү тыюуга нааразы

Бишкек бийлиги ден-соолукка келтирген зыяны үчүн насвайдын сатылуусуна тыюу салуу ниетинде. Кыргызстандагы белгилүү тамеки аралашмасын сатуучулар тыюу салуу пикирин туура эмес деп эсептешет - алардын айтымында, насвай тамекидей зыяндуу эмес.

Бишкек шаардык депутаттары ден-соолукка келтирген зыяны үчүн насвайга тыюу салууну каалашат.

"Азыркы күндө мыйзамдуу өндүрүүчү жок. Биз анын сатылуусуна тыюу салгыбыз келет. Эми бул жерде башынан башташ керек. Бизде расмий даярдоочу жок. Тагыраак айтканда, мунун баары тастыкталбай, жекече адамдар тарабынан чыгарылат", - деп айтты Kloop.kgге берген маегинде Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Валентина Лисниченко.

Бирок насвайга азырынча тыюу салууга мүмкүн эмес, анткени мыйзамда насвайдын аныктамасы жок.

"Бүгүнкү күндө насвайдын эмне экендигин билдирген тастыктама жок. Бүгүн биз насвайга тыюу салсак, анда алар эртең аны чегүүчү аралашма, же болбосо дагы башка бир нерсе деп атап алып сата беришет. Ошондуктан насвайдын эмне экендигин аныктоо үчүн тиешелүү структураларга кайрылдык", - дейт депутат.

Сатуучулар өздөрү тыюу салуу пикирине терс пикирлерин билдиришти - Бишкектин Ош базарындагы сурамжыланган сатуучулардын айтымында, эгер насвайга тыюу салынса, анда аны барыбир мыйзамсыз сата беришет.

"Бул убакытты текке кетирүү. Эгер кайсы бир товарга тыюу салса, анда ал көмүскө бизнеске кетип калат. Орто Азияда мындай тыюу өтпөйт. [Насвайды Кыргызстанда] эзелкиден бери сатышат", - дейт сатуучулардын бири.

Соодагерлердин айтымында, насвай тамеки жана суудан өндүрүлөт жана жергиликтүү бийлик айтып жаткандай, анда эч кандай зыяндуу зат жок.

Насвайды колдонуу

Насвай тартылбай турган тамеки каражаттарына кирет жана Борбордук Азия өлкөлөрүндө тараган.

Анын көрүнүшү кичинекей шар түрүндө жана үстүңкү, астыңкы эринге же тилге коюлат - чыланган акиташтын таасиринин натыйжасында никотин ооздогу былжыр чел аркылуу канга барып түшөт.

Бир гана Түркмөнстандан сырткары Орто Азия мамлекеттеринде насвай ээн-эркин сатылат. Түркмөнстанда Гурбангулы Бердымухаммедов 2008-жылы насвайды алып-сатуу, өндүрүү жана колдонууга тыюу салган жарлык чыгарган.

Орусияда насвайды өндүрүүдө азык кошулмаларын жана татымалдарды колдонууга уруксат берилбейт.