Видео: «Алдыдагы операциясына» байланыштуу Келдибековдун соту жылдырылды

Коррупцияга шектелип жаткан депутат Акматбек Келдибековдун ишин кароо кезектеги жолу жылдырылды — жактоочунун айтымында, парламентарий операция жасатууга даярданууда.

Бишкектин Биринчи май райондук соту депутат Акматбек Келдибековдун ишин кароону августтун башталышына жылдырды.

Келдибековдун жактоочусу Татьяна Чильникина учурда ал жактоого алган саясатчы муундарына операция жасатууга даярданып жатканын журналисттерге билдирди — бул акыркы жарым жылдын ичинде ага жасала турган бешинчи операция.

«Анын кан басымы дайыма көтөрүлүп кетүүдө, Буттарын калыбына келтирүү процесстеринин бардыгы тең өтө оор өтүүдө. Келдибековго алдыда дагы операция жасалганы турат. Кантип жасатуу керектиги тууралуу ойлонуп жатам, анткени анын медициналык препараттар менен оору сезимдерин жок кылчу дарыларга аллергиясы бар. Азырынча дарылоо ыкмасын тандай албай жатам», — деди ал.

Буга чейин мамлекеттик айыптоо саясатчынын саламаттыгын карап чыгуу үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигине кардиолог менен травматолог бөлүп берүү өтүнүчү менен кат жолдогон — прокуратура Келдибековдун сот жыйынына чынында эле катыша албай тургандыгына биртоло ынангысы келүүдө.

Акматбек Келдибековго карата салык кызматы менен социалдык фондду башкарып турганда кызмат абалын ашыкча пайдаланган деген айып өткөн жылдын ноябрында тагылган.

Саясатчы Мамлекеттик салык кызматын жетектеп турган 2008-2010-жылдары салык чогултуу боюнча функцияны «Бизнес партнер» деген жеке компанияга мыйзамсыз берген деп шектелүүдө.

Ошондой эле ал 2005-жылы «көчүрмөлөрдү басып чыгаруу үчүн жарандардын жеке камсыздандыруу эсептеринен» «Ротак-Бишкек» компаниясына 21 млн сом каражатты мыйзамсыз бөлүп берген деп айыпталып жатат.

Андан сырткары Акматбек Келдибековго эл аралык парламенттик уюмдарда парламенттин толук ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишмердигин координациялоо маселеси боюнча атайын өкүлчүлүктүн кызматын мыйзамсыз түзгөн деген айып тагылууда.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, ал атайын өкүлчүлүктү каржылоого 10 млн. сом жумшалган.

Оппозициялык саясатчы өзүнүн кармала тургандыгын билген жана алдын ала күнөөсү жоктугу жөнүндө видео кайрылуу жаздырууга үлгүргөн. Ал өзүн саясий мотивдер менен камакка алынды деп эсептейт.

Буга чейин башкы прокурор Аида Салянова эгер Келдибеков күнөөлүү деп табылса 10 жылдан ашык мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүндүгүн билдирген.