«Азаттык»: Мечитте запкы көргөн Жыргал

Ошто мечитке чолок шым кийип баргандыгы үчүн токмок жеп ооруканага жаткан жигит көк боорунан айрылды.

Макаланын түп нускасы «Азаттык» радиосунун сайтына чыккан. Автору — Ыдырыс Исаков.

Жума намазына чолок шымчан экенине карабай шашылыш мечитке кирип барган жигитти жанында намаз окуп отурган бала дааратканага алып кирип токмоктоп салган. Азан айтылып жаткандагы балдардын чатагына намазга келгендер көӊүл бурушкан эмес. Мечит имамы окуядан кабарсыз калган. Ал эми диний талдоочулар бул көрүнүштү исламдын ашыкча радикалдашып баратканынан көрөт.

Чолок шымдын чатагы

Ата-энеси Орусияга иштегени кетип, үч инисин өзү караган Жыргал Абдимомун уулу 19 жашта. Окуудан бош убагында шаарда такси айдайт. Ичпейт, чекпейт, намаз окуйт. Ошол 11-июль күнү Жыргал такси айдап жүрүп, жума намазы окула турган убакыт болуп калганын байкаган эмес. Чолок шымчан экенине карабай шаардын “ал-Раббим” мечитине шашып кирип, жума намазын окууга даярданып отургандардын катарынан орун алган. Анын жанында отурган жигит Жыргалга бир нече жолу тизесин бекитүүнү талап кылган.

Жыргал чолок шымдын айынан көк боорунан айрылып калаарын ошол тапта билбегенин айтат:

- Жума намазына убакыт болуп калган экен. Шым кийип барганга убакыт болбой калды. Шашып кире койдум эле. Жанымда отурган бала тизеӊди жаап отур деди. Макул азан айтылып бүтсүн дегениме карабай, шортымдын четин ылдый каратып тарта баштады. Мен каршы болдум. Анан ал "жүрү" деп сыртка алып чыгып, даараткананын эшигин жаап, бетке эки-үч жолу чаап, анан ичке койду да кайра мечитке кирип кетти. Анан мен ошол жерде өзүмө келе албай кыйлага туруп калдым. Мени эч ким караган жок. Бир сакалчан таксыр мени койгулап жаткан баланы көрүп туруп эч нерсе деген жок. Жаш балдар дагы жүрдү. Бирок эч ким арага түшкөн жок.

Чолок шым кийип мечитке барганы үчүн токмоктолгон Жыргал ошол учурда көк боору жарылып кеткенин билген эмес. Качан гана абалы начарлап баштаганда досуна чалып, ооруканага алып баруусун суранган. Ооруканага барган учурда анын көк боору жарылып кеткени аныкталып, операция жасалган.

Жыргалбектин дарыгери Бакас Маткеримов анын көк боорун алып салууга аргасыз болгонуна токтолду:

- Бейтап оор акыбалда келип түшкөн. Көп кан жоготкондуктан беттери кубарып, муздак тер басып кан басымы түшүп кетиптир. Көк боору жарылып, ичинде 2 литрге жакын кан топтолуп калган. Ага операция жасалып, көк боору алынып салынды. Азыр ооруканадан чыгарылды. Бирок жарааты толук айыга элек.

Учурда Жыргал ооруканадан чыгып, ичин таӊып жүрөт. Жарааты толук айыга элек. Көп кан жоготкону үчүн өзүн алсыз сезет.

Чолок шымдын айынан таяк жеген Жыргал Абдимомун уулуна Ош шаардык кан борборунан 9 адамдын каны куюлган. Учурда Жыргал өзүнө куюлган канды төлөө үчүн донор издеп жүрөт.

- Азыр эми кан аз да, отуруп-турганда баш айланып, ооруп атат.  Мурункудай эмесмин. Арыктап кетипмин. Мага 9 адамдын каны куюлган экен. Эми ошонун ордуна 9 донор алып барып, кеткен канды толуктап бериш керек болуп атат.

Чолок шымчан арык баланы олбурлуу жигит уруп жатканын мечитке кирип бараткан көп эле адам көргөн. Бирок Жыргалдын ошондогу абалына эч ким көӊүл бурган эмес. Ал эми Жыргалды сабаган жигит мечитке кирип, намазын уланта берген.

Мечит имамынын милдетин аткаруучу Акрамидин Максытовдун айтымында, ошол учурда ал азан чакырып аткан, ошондуктан окуядан кабарсыз калган. Ал таяк жеген баланы да, таяктаган баланы да тааныбастыгын, мечитте эч кимге андай тарбия берилбестигин айтат:

- Ал окуя тууралуу мен кечинде милиция кызматкерлеринен уктум. Окуя мен азан айтып жаткан учурда болуптур. Негизи мындай болбош керек. Мечит элди ыйманга чакыра турган жер. Элди айдап сала турган жай эмес. Бирок шымы тизеден өйдө балдар да келет. Биз аларга унчукпайбыз. Биз аврат жерлерди жабуу керек деп түшүндүрөбүз. Аврат бул –тизени жана киндикти жашыруу.

Чектен чыккан фанатизм

Дин таануучулар болсо мечитке келген кишини чолок шым кийгени үчүн токмоктоп салууну диний фанатизм деп баалашууда.

- Бул нерсе чындыгында туура эмес көрүнүш. Адамда ар кандай шарт, кырдаал болот. Өзү ишенген динге сыйынып жатса, ага башкалардын андай кийин, мындай кийин деп токмоктогонго чейин барып жатканы ислам дини радикалдашып баратканынан кабар берет, - дейт талдоочу Сүйүнбек Курманбеков.

Ушул тапта Орусияда иштеп жүргөн Жыргалдын ата-энеси тун уулунун чолок шым кийгени үчүн токмоктолгонун угуп, кылмышкер жазаланышы керектигин талап кылышууда.  Жыргалдын дарылануусуна ушул тапта 40 миӊ сомго жакын акча кеткен. Мындан аркы дарылануусуна дагы 15 миӊдей акча керектелет.

Ош шаардык милициясынын маалымдашынча, Жыргалды токмоктоого шектүү жаран кармалган. Ага денеге оор зыян келтирди деген айып тагылган.

Аймакта буга чейин динге терс көз карашы үчүн кодуланган учурлар да болуп келген. Маселен, 2011-жылы да Оштун Өзгөн районунда өзүнүн атеист экенин ачык айткан бир киши дин кызматкерлеринен таяк жеген болчу.