Качуу

Жарым-жартылай өчүп калган «Кара-Балта» деген жазуу. Шаардын чеги. Кире беришинен эле өзүлөрүн жумушчу күч катары сунуштаган ондогон кишилерди көрдүк. Көзгө эч ким жашабаган үйлөр менен жарым-жартылай талкаланган аялдамалар чалдыгат.

Макала Борборазиялык заманбап журналистика мектебинин алкагында жарыяланды. Авторлору: Айгүл Базарова, Ганджина Ганджова, Жамиля Дандыбаева жана Куаныш Ескабулов.

Айнек заводу – анча көп эмес жумушчу орун бар жерлердин бири. Кытайлар тарабынан курулган дагы бир завод бар, бирок алар жумушка өз жердештерин алышат. Мүмкүн карабалталыктардын көбүнүн ичкилик ичкендигинен уламдыр? Ушундай туюк айлампа: кишилер жумуштун жоктугунан улам ичишет, а кытайлыктар ичкендерди жумушка алышпайт.

Шаардагы балдар кароосуз калышкан. Бала бакчаны алар түштөрүндө гана көрүшөт. Арык жана ачка иттер менен ойноп эрмектешет.

Эмгек күнү

1-май. Кыргызстанда жаз жана эмгек майрамы. Бирок бул күн быйыл 16 карабалталык үчүн өзөчө күн. Кыялдарга, үмүттөргө толгон. Бүгүн алар Орусияга кетишет — Биринчи май чакырып жаткандай эмгектенүү үчүн. Орусиянын түштүгүндөгү Воронеж шаарында иштеген туугандары жакшы жумуш убадалашкан. Туугандарынын ысымдары Бахадур жана Яша, бирок эмгек мигранттарынын тилинде аларды «вербовщик» жана «смотрящий» деп атап койсо болмок.

Андан бери бир жарым ай өттү. Эшикте июль. Биз Александра менен жолуктук. Ал Ванянын апасы, айнек заводунда ашпозчу болуп иштейт.

- Уулум сыналгыдан Воронеж шаарына куруучуларды топтоп жаткандыктары тууралуу кулактандырууну окуп калды. Беш жүз доллар төлөп берүүнү убадалашкан. А анын бул жакта эки кызы бар, бири тогуз, экинчиси сегиз жашта, жубайынын каза болгонуна үч жыл болуп калды. Уулум мында заводдо иштечү, сегиз миң сомго чукул айлык алчу. Орусиядан бир жылдын ичинде акча топтойм деп үмүттөнүп алган. Кетээринде Ваня интернет аркылуу Воронеждеги курулуш компаниясы тууралуу маалыматты текшерген. Баары жакшы болчу.

Александра көз жашын жашыра албай ыйлап жиберди. Эми анын уулу чоочун шаарда колдоосуз, жумушсуз жалгыз жүрөт.

- Качан мен Бахадурдун иниси Яшадан эмнеге аларга жок дегенде айлык да берип койгон жоксуңар деп сурасам, ал: «А биз эмнеге аларга айлык беришибиз керек? Алардын иштеп тапканын эсептеп чыгардык. Биз аларга акча жумшаганбыз да, алар тамактанып, биздикинде жашап атышкан», деди. Аларды мына ушинтип эмне болсоңор ошол болгула деп таштап салышкан. А тигил качып келген балдар албетте, үрөй учурчу нерселерди айтып беришкен. Ваня 36да. Телефон аркылуу сүйлөшкөнүбүздө баары жакшы экенин айтууда. Ал менин бул жакта кыздары менен жалгыз экенимди билет. А балдар болсо аны тиштери талкаланганга чейин сабашып, кайсыл бир сарайга бутунан сүйрөп барып салгандыктарын айтышкан».Photo-3Александра кайрадан уулунун номурун терүүдө — ал айлыгынын аздыгына карабастан уулуна күнүгө телефон чалат. Бирок бул жолкусунда алардын маеги 10 гана секундга созулду – «бирдиги» түгөнүп калды. Ванядан башка анын бригадасындагы он бир адам дагы деле Орусиянын аймагында жүрүшөт. Жакынкы убактарга чейин Александра алардын бири — Нурик менен байланышып турчу. Нурик ал жакта аларды каалашынча кемсинте тургандыктарын айтып, даттанган. «Эми ал дагы жоголду, дайыны жок», – дейт ал.

Качкан күн

Коркутуулар менен кыйноолордон кийин качып кетүү чечимине келген төрт карабалталык объектинин тосмосунан кадимки жумуштагы кийимдери менен ашып өтүшөт. «Шектенүүлөрдү жараткыбыз келген жок. Бардык жакта видеокозөмөл камералары бар болчу, ошондуктан буюмдарыбызды калтырып кетүүгө туура келген», – деп эскерет Сандияр коркунуч сезими менен эмес, сыймыктануу менен. Планыбыз мындай болчу: Москвага чейин барып (а ал жакка чейин 500 чакырымдан алыс), ал жактан Кыргызстандын элчилигине кайрылуу.

Азыр, баары артта калгандан кийин, Сандияр чогуу качкан Бахрамджандын үйүнө конокко келген. Алар бизге баштарынан өткөн окуяны экөөлөп бирге айтып беришти.

- Бизде жол бою коркунуч сезими болду. Полиция токтотуп калабы деп корктук. Акчасыз, тамаксыз төрт сутка бою Москвага чейин жөө бардык. Токойдо түнөдүк. Ал эмес кулжа да көрдүк. Өтө ачка болгонубуздан аны кармап жегибиз келди. Бирок ал качып кетти. Жолдо бизге нан, тамак сатып берген кайрымдуу кишилерди жолуктуруп, жолубуз болду. Суунун жоктугу көйгөйдү жаратты. Суу алып алуу мүмкүнчүлүгү май куюучу жайларга жеткенде гана болуп жатты. Биз бактылуу окшойбуз, анткени ал эмес бизге полиция кызматкерлери да жардам беришти.

Москванын Казан бекетинин жанындагы РИИБде алардын мекендеши кызмат кылат экен, ал балдарга элчиликке кантип баруу керектигин айтып, шаардын картасын берген. Бул алардын кыялдары орундалышы керек болгон Воронеждеги окуядан таптакыр айырмаланып турат. Бахрамжан анда унаа жөнүндө кыялданган, а Сандияр өзүнүн үч кызынын бактылуу балалыгы тууралуу кыялданып барган. Бирок чыныгы жашоо каардуу болуп чыкты.

- Катуу урушту. Кемсинтип, шылдыңдашты. Документтерибизди бергилери келишкен жок. Тамак начар болду – төрт күнгө 300 рубль берип жатышты. Ал акчага биз нан, чай, жумуртка сатып алчубуз. Качан биз кайра үйлөрүбүзгө алып баргыла деп талап койгонубузда алар «силер бул жакта эч ким эмессиңер, силер — үй-жайсыз адамсыңар» деп айтышты.Photo-4Бахрамжан соккулардан калган бетиндеги тактарды кармап көрсөтүп жатты.

- Мени катуу сабап салышкандан кийин качып кетүү чечимине келдик. Биздин акча көрбөй тургандыгыбыз дээрлик дароо эле түшүнүктүү болгон. Биз алгач Яша деген немени өлөрчө сабап туруп анан кеткибиз келген. Бирок кийин ойлонуп, тынч эле кетели дедик.

Кыргыз элчилигинен качкындарга баш калка беришип, кийинтип, тойгузуп, документтерин берип, мекенине кайтып келүүлөрүнө жардам беришкен. Бишкекте аларды көп жылдардан бери адам сатуунун курмандыктары менен иштеп келген «Сезим» кризистик борбору кабыл алган.

- Дээрлик ондогон жылдардан кийин абал начарлоонун гана үстүндө. Адамдар жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө кетип эле жатышат, – дейт борбордун директору Бүбүсара Рыскулова. – Жабыр тарткандардын үй-бүлөлөрүнөн бизге жылына 30-35 кайрылуу келип түшөт.

«Сезимдин» психологдору Бахрамжан менен Сандиярды адаптациялык курстан өткөрүшкөн, эми аларга жумушка орношууга жардам берип жатышат. Бахрамжан пиццеристтикке окуп жатат: «Кызыктуу. Эксперименттерди жасап көрөм». Эгер анын кесиптеринин бири боюнча уйгур ашканасынын ашпозчусу экендигин эске алсак, анда анын бул тармакта мүмкүнчүлүгү көп болот.

Кайталанган күндөр

Качкындар Кара-Балтага кайтып келишип, сыналгыдан укмуштуудай тааныш кулактандырууну көрүшөт. Кээ бир жердештеринин да Воронежге баргылары келип жатканын угушуп, ызы-чуу көтөрүп, милицияга арыз жазышкан. Бирок кийин арыздарын кайра алышкан.

- Качан арыз жазгандан кийин Бахатур биздин тууган экенибизди эстей койду. Биз учуп келээрибиз менен эле аныкына барып: «Эмне кылабыз? Буюмдарыбызды, акчаны ким кайтарып берет?» деп сураганбыз. Ал: «Билгениңерди кылгыла, бул менин ишим эмес» деген. Анда биздин тууган экенибизди эстеп да койгон эмес.

Бахрамжандын апасы уулуна кыйынчылык келтиргендерди кечирген. «Бул аны өзгөрттү», –дейт Елена, – Бахрамжан чоңойуп калды, каарданбай эле, тескерисинче, айланасындагыларга боорукер болуп калды. Ошондой эле ал Библия окуп баштады».

Бахадур менен байланышууга мүмкүн эмес. Эжеси ал көйгөйлөрдү чечүү үчүн Орусияга кеткендигин айтууда. Айтымында, ал жабырлануучулардан кутулуу үчүн алтындары менен унаасын саткан. Яша да колго түшпөс болууда.

Жыл башынан бери Кыргызстанда адам сатуу фактысы боюнча 12 кылмыш иши козголгон. Өлкөдө эмгек кулчулугунун өсүшү байкалып жаткандыгын ушул көрсөткүч эле көрсөтүп турат. 2012-жылы козголгон кылмыш иштеринин саны эки эсе аз болчу.

Кыргызстандын ИИМинин Өзгөчө маанилүү кылмыш иштерин иликтөө башкармалыгынын опер кызматкери Улан Жаныбаевдин айтымында, Кыргызстандын жарандары сабатсыздыгынын айынан кулчулукка кабылышат: «Адамдар чет өлкөдөн көп акча таап келип байыган кошуналарын, башкаларды көрүшөт. Бирок кандай жол менен? Иштин жөнүнө түшүнбөй эле чет өлкөлөргө кетишип, кулчулукка кабылышат».

Адамдардын укуктук жактан сабатсыздыгы кылмыш иштеринин бетин ачууга да таасирин тийгизет, деп белгилейт акыйкатчы аппаратынан Гүлзина Асаналиева: «Буйрук бергендерди, каттамдарын табууга мүмкүн эмес. Адамдар аларды өлкөдөн алып чыккан же сатып жиберген конкреттүү бир кишини же уюмду так атап бере алышпайт. Көптөгөн иштер далилдердин жоктугунан улам жабылып калууда».

Өткөн жылдан бери Кыргызстандын өкмөтүнүн адам сатууга байланышкан көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган программасы иштеп келет. Кыргызстан менен Түштүк Корея, Орусия, Бириккен Араб Эмираттары өлкөлөрүнүн ортосунда атайын макуладашууларга кол коюлган: «Биз парламенттик көзөмөл жүргүзүп жатабыз. Мен акыркы жылдары Кыргызстанда адам сатуу азайып бара жатат деп ишенимдүү айта алам, – дейт Гүлзина Асаналиева. – 2010-жылдан бери бизге эч кандай арыздануулар болгон жок. Кара-Балтадагы окуя боюнча биз эч нерсе уккан эмеспиз».

Ред.: «Кайрадан Орусияга баргыңар келип жатабы
Сандияр: «
Жок. Мага ушул эле жетет».
Бахрамжан: «
Барам. Ал жакта акча жакшы. Мына, пиццеристтикти окуп бүткөндөн кийин кетем.
Сандияр: «К
аякка
Бахрамжан: «
Москвага. Баары ошол жакта акча таап атышат».
Сандияр: «
Кете бер, кайра жөө келесиң».
Бахрамжан: «
Эмне болмок эле...»
Сандияр: «
Койчу ай. Ал жакта сен сыяктуу акылдуулар көп экен. Анда сенин кимдир бирөөнүн тууганы экениңди эч ким эстеп койбойт. Баарына баары бир».
Бахрамжан: «
Баары бир барам. Мен четим. Бул менин каалоом».
Сандияр: «
Менин баргым келбейт. Жок. Жөө басканым жетишет. Андан көрөк ал акчаны бул жактан иштеп табам. Мен бир жолу такси айдаган байкем менен Новосибирскиге баргам, анда жаккан. О, кооз го деп ойлогом. А бул жолку барганымда, жок, Орусияга баруудан баш тарткан оң. Ал жакта султан боло албайсың».Photo-5Темир жол бекети. Күндүзгү саат үч. Перронго «Бишкек-Москва» каттамындагы поезд акырын жылып жакындап келет. Вагондордун шторалар менен жылчыксыз жабылган терезелери, тартипти катуу талап кылган коштоп жүрүүчүлөр. Поезддин жылаарына бир сааттан ашык убакыт бар болсо да кетип жаткандар шашылып, өздөрүнүн оор жүктөрү менен бири-бирин түртүшүп жүрүшөт. Абада белгисиздиктин алдындагы толкундануулар менен коркуу сезимдери сезилгенсийт. Сүрдүү, бушайман болгон, ошол эле маалда сабыры суз адамдар. Поезд алардын кимисин кыялдарына жеткирет, а кимиси мекенине жөө кайтып келет?