Бишкектеги веложолдор кандай болот

Муниципалдык бийлик Бишкекте алгачкы веложолду төшөөгө даяр. Kloop.kgнин кабарчылары ал жолдун кандай болоорун билип келишти.

Kloop.kgнин кабарчылары жетүүгө мүмкүн болгон документтерге ылайык, Бишкектеги толук кандуу алгачкы веложол шаардын борбору менен түштүк кичи райондорун байланыштырат.

Анын эң түндүк чекити Чүй проспектиси менен Эркиндик гүлбагынын кесилиши, ал эми эң түштүк чекити «Асанбай» кичи районунда болот.

Киев көчөсү менен Эркиндик гүлбагынын кесилиши.
Киев көчөсү менен Эркиндик гүлбагынын кесилиши.

Веложолдорду түзүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Айбек Сыдыков эскиздер Бишкек мэриясына жөнөтүлгөндүгүн, учурда андан да деталдуу долбоордун үстүндө иш жүрүп жатканын айтты.

«[Веложол] турак кварталдарынын жашоочуларына шаардын борбордук бөлүгүнө коопсуз жана ыңгайлуулукта жетүү мүмкүнчүлүгүн берет», — деп түшүндүрдү Сыдыков.

Ала-Арча дарыясынын үстүндөгү көпүрө.
Ала-Арча дарыясынын үстүндөгү көпүрө.

Анын айтымында, эскиздик долбоор менен веложолдордун фирмалык жасалгасын иштеп чыгууга мамлекеттик бюджеттен бир дагы сом корогон эмес.

«Биз жеке акчаларын курмандык кыла турган колунда бар адамдарды таптык, алар бул долбоорду иштеп чыгуу боюнча шаарга көмөктөшкөндүктөрү тууралуу жар салбай эле коюшубузду өтүнүштү», — деди Сыдыков.

Токомбаев жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилиши
Токомбаев жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилиши

Бишкекте велосипед жолдорун төшөө идеясы жаңы эмес, бирок аны ишке ашыруунун үстүндө эч ким чындап алектенген эмес.

Азырынча алгачкы веложолдун качан салынып башталаары айтылбай эле.

«Жолдордо кооптуу»

Жол коопсуздук эрежелеринин учурдагы редакциясы велосипедчилердин тротуарларда жүрүүсүнө тыюу салат, бирок эки дөңгөлөктүү транспорт сүйүүчүлөрүнүн пикирлеринде, жолду авто унаалар менен бөлүшүү ыңгайсыз болуп, кыйла кооптуу абалды жаратат.

Велосипедчи Евгения Kloop.kgнин кабарчыларына унаа айдоочуларынын жактырбагандыктарын коп эле жолу байкагандыгын айтты. «Айдоочулары велосипедчилердин келе жаткандыгын көрүшөт да атайылап эшигин ачышат», — деди ал.

Горький жана Фатьянов көчөлөрүнүн кесилиши.
Горький жана Фатьянов көчөлөрүнүн кесилиши.

Айдоочулар болсо өзүлөрүн жол аларга таандык экендиги жана велосипедчилер унаа кыймылына тоскоолдук кыла тургандыктары менен актап келишет: «Велосипедчилер биздин жолду тосуп алышат», — деди Kloop.kgнин кабарчылары тарабынан сурамжыланган айдоочулардын бири.

Велосипед сүйүүчү Татьяна Бишкекте веложолдордун пайда болооруна ишенбейт — Kloop.kgнин кабарчылары ага ал унаа менен сүзүшкөндөн кийин жолдун жээгинде жолугушту.

«Биринчиден, ал аркылуу жөө адамдар жүрүп алышат. Экинчиден, ал жакка унааларды токтотушат. Үчүнчүдөн болсо, деги эле ал жолдорду курушпайт», — деди ал нааразы болуп.

Видео: Kloop.kgнин кабарчылары келечектеги веложолдун маршруту боюнча жол жүрүп келишти:

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынын өкүлү Чынара Усупбаева Kloop.kgге берген маегинде жол коопсуздук эрежелерине ылайык, унаалар велосипед жолдоруна токтобоолору керек болот.

«Эгер веложолдор болсо, анда тиешелүү белги болот. Менин түшүнүшүмчө, белги болушу керек. Эгер ал эрежелер сакталбаса, анда Жол кайгуул кызматынын кызматкерлери эреже бузгандарга айып салууга укуктуу», — деди ал.veloprobegТема боюнча: Бишкектеги велосипедчилерге эмнелер тоскоолдук кылат?

Буга чейин Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов шаарда веложолдор пайда боло тургандыгын убадалаган — бул тууралуу ал 20-апрелде «Фэйсбуктагы» баракчасына жазган. Калаа башчысы тарабынан демилгеленген эскиздик долбоор эки айдан ашык убакыттын ичинде иштелип чыкты.

«Болушунча көп адамдын велосипеддерге отурушу үчүн шарттарды түзүү зарыл. Биздин шаардын шартында — бул өтө ыңгайлуу. Кийинки кадамыбыз велосипед менен жүрүүгө ылайыкташтырылган веложолдорду түзүү болот», — деген анда Кулматов.

Бишкекте веложолдорду төшөө идеясы шаарда эки дөнгөлөктүү транспорттун популярдуулугунун артып бараткандыгынан улам жаралган.

Авторлор: Елизавета Остроухова, Лия Созашвили жана Виталий Белошапкин