Видео: Аялдын балдарынын көзүнчө ур-токмокко алынышы

Эркек киши Бишкектин Суванбердиев жана Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинен балдарын ээрчиткен аялды бетке уруп, андан соң тээ жиберген. Ал окуя айдоочулардын биринин видеорегистраторуна тартылып алынган.

Окуя 5-август күнү Суванбердиев (мурунку Жигулёвский) көчөсүндө болгон — эркек киши алгач аялды бетке уруп, андан соң тээп жиберген. Уруп-согууга аялдын жанындагы кичинекей балдар күбө болушкан, алар экинчи соккудан кийин кишини токтотууга аракет кылышкан.

Бишкек милициясынын басма сөз кызматынан Kloop.kgге аларга арыз келип түшмөйүнчө ал окуя боюнча тергөө жүргүзбөй тургандыктарын айтышты. Басма сөз кызматынын өкүлү Олжобай Казыбаев аны «үй-бүлөлүк чыр» деп атады.

«Алар расмий түрдө арыз менен кайрылуулары керек. Эгер алар өз ара жарашып алып, жарым саттан кийин кетип калышса милиция эмне кыла алат? Ал бири-бирине дооматтары жок экенин айтып кетип кала турган эле үй-бүлөлүк чыр болушу мүмкүн», — деди Казыбаев.