Оштун чиновниктери асма көпүрөнү курууда алдамчылыктарга барган деп шектелүүдө

Башкы прокуратура Ош шаарынын муниципалитетинин үч чиновнигине каршы кылмыш ишин козгоду — алар асма көпүрөнүн курулушунда алдамчылыктарга барган деп шектелип жатышат.

Кылмыш иши мэриянын үч чиновнигине — Экономика, каржы жана ишкердикти өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы менен Шаардык жол башкармалыгынын эки жетекчисине каршы козголгон.

Алар Ошто асма көпүрө куруу долбоорун түзүү боюнча пайдасыз келишим түзүү менен мамлекетке 17 млн. сомдук зыян келтирген деп айыпталып жатышат.

«[...] жалдоочу мекеме жалдануучу компаниянын эсебине 17 млн. сом которгон. Бирок жалдануучуларга Кыргыз Республикасынын курулуш нормаларына туура келбеген долбоордук-сметалык документтерди беришкен», — деп билдирүүдө Башкы прокуратура.

Башкы көзөмөлдөөчү органдын билдирүүсүнө ылайык, асма көпүрөнү куруу боюнча өткөрүлгөн тендерде долбоорлорду иштеп чыгып, изилдөө иштерин жүргүзүүгө лицензиясы жок Кытай компаниясы жеңүүчү деп табылган.

«Тендердин катышуучусу «Г.С.Л.» ЖЧКсынын долбоорлорду иштеп чыгып, изилдөө жумуштарын аткарууга лицензиясы жок экендигин билип туруп аны өткөрүлгөн тендердин жеңүүчүсү деп табышкан», — деп билдирди Башкы прокуратура.

Шаардык жол башкармалыгынын башчысынын орун басары Равшанбек Дарыбеков Башкы прокуратура тарабынан тагылып жаткан айыптоолорду четке кагууда — бул тууралуу ал өзү Kloop.kgге берген маегинде билдирди.

«Азыр мен эч нерсе айта албайм. Ал сотто чечилет. Биз тендерди туура, мыйзамдын негизинде өткөргөнбүз. Айыптар боюнча сотто жолугабыз», — деди ал.

«Кылым курулушу»

Навои көчөсүндө асма көпүрөнүн курулушу 2013-жылдын күзүнөн бери уланууда — ал көпүрө күн сайын шаардын борборунда жаралып жаткан унаа тыгындарынан кутулууга багытталган эң чоң транспорттук долбоор болуп эсептелет.

Асма көпүрө Навои көчөсүнүн үстүнөн экинчи деңгээл катары өтүп, шаардын эки борбордук проспектисин — Ленин жана Масалиев проспектилерин — түздөн-түз бириктирет.

Асма көпүрөнүн узундугу 450 метрди түзөт. Бийлик ал аркылуу айдоочулар эч токтобостон өтө алышат деп үмүттөнүүдө. Ош шаарынын мэриясы көпүрөнүн курулушуна жергиликтүү бюдджеттен 500 миллион сомго чукул каражат бөлгөн.

Курулуш иштери шаардын мурунку мэри, оппозиционер Мелис Мырзакматовдун убагында эле башталган. Бирок Оштун 2014-жылдын башында келген бийликчил жаңы жетекчилиги анда мыйзам бузуулардын бар экендигин билдирип, тергөө иштерин демилгелешкен.

Учурда курулуш иштери уланууда, жергиликтүү бийлик 2015-жылдын жаз айларына чейин иштердин бардыгын толук аяктай тургандыктарын убадалап жатышат.