Жол эрежесин бузгандар үчүн жаңы айып пул өлчөмдөрү күчүнө кирди

Бүгүнтөн тарта Кыргызстанда жол эрежесин бузуу үчүн каралган жаңы айып пул өлчөмдөрү иштеп баштады — өзгөртүлгөн санкциялар буга чейинки айып көлөмдөрүнөн бир нече эсеге жогору болот.

Үстүбүздөгү жылдын июлунун башында президент тарабынан жактырылган жол эрежелерин бузуу үчүн каралган айып пул өлчөмдөрү 8-августта күчүнө кирди. Мыйзам долбоордун демилгечиси болгон парламентарий Дастан Бекешев мыйзам долбоору айып пулдар менен гана чектелбей тургандыгын айтты.

«Анда административдик иштердин соттордо каралуусунун мөөнөттөрүн кыскартуу, автомектептердин ишине бир катар жаңы эрежелерди киргизүү, ошондой эле «Коопсуз шаар» сыяктуу долбоорлордун ишке ашырылуусу үчүн шарттарды түзүү тууралуу кеп болууда», — деп жазган Бекешев Facebookтагы баракчасына.

Катталган айып пулдардын төрттөн бир бөлүгү Жол кайгуул кызманынын бюджетине которулат. Өзгөртүүлөргө ылайык, жол кыймылын көзөмөлдөөгө жооптуу органдардын бардыгы тең бир жылдын ичинде унаалар менен мыйзам бузууларды каттоонун электрондук маалымат базаларына өтүүлөрү керек болот.

Санкциялар айдоочулар үчүн гана эмес Жол кайгуул кызматынын инспекторлору үчүн да киргизилүүдө — эгер милиция кызматкери унаа айдоочусун мыйзамсыз негизде токтотуп, документин көрсөтпөсө, анда ага 5000 сом өлчөмүндөгү айып каралган. Албетте Жол кайгуул кызматынын инспекторлорунун эреже бузуулары видеого тартылган болуусу керек.

Эми камералар менен видео-регистраторлорго тартылып алынган видеолор зарыл учурларда сотто далил болуп калышы мүмкүн.

Жол коопсуздук эрежесин бузууда төлөнүүчү айып пулдар кандай өзгөрдү:

Окулбаган мамлекеттик номурлар үчүн: 500 сомдун ордуна 3000 сом26202_900Жасалма мамлекеттик номурлар үчүн: 1000 сомдун ордуна 5000 сомIMG_92561-1024x683Автоунаанын айнектериндеги шторалар же караңгылатуулар үчүн: 1000 сомдун ордуна 2000 сом

Туура эмес токтоо же унааны тыюу салынган жерлерге токтотуу үчүн: 300 сомдун ордуна 1000 сомIMG_20130818_145721Жол чырактын тыюу салган белгисинен өтүп кетүү же жол кыймылын тартипке салуучунун тыюу салган жаңсоолоруна карабай кыймылды улантуу үчүн: 300 сомдун ордуна 1000 сом2603089643_bf5a3051b3_oКарама-каршы тилкеге чыгуу үчүн: 500 сомдун ордуна 1000 сом

Унааны мас абалында башкаруу үчүн: 1500-3000 сомдун ордуна 1000-20000 сомг же унаа башкаруу укугунан 1 жылдан 3 жылга чейинки мөөнөткө ажыратууSkrinshot-19.06.2014-180611Унааны милиция унааларыныкындай же ыкчам кызматтардыкындай кылып боёп алуу үчүн:500 сомдун ордуна  2000 сомSkrinshot-19.06.2014-180428Автобуста же кичи автобуста жүргүнчүлөрдү заводдордо белгиленген нормалардан ашыкча алуу үчүн: 1000 сомдун ордуна 3000 сом51518Белгиленген ылдамдыктан ашуу үчүн: 200-1000 сомдун ордуна 500-1000 сом

Өзгөртүүлөрдүн толук тизмесин жүктөп алуу