Түрк твиттерчилери Эрдоганды колдогондугу үчүн Атамбаевди шылдыңга алышты

Алмазбек Атамбаев Түркиянын премьер-министри Реджеп Тайип Эрдогандын өлкө президенти болуп шайланышынын урматына уюшулган митингде күтүүсүздөн түрк тилинде сөз сүйлөдү. Анткен менен жергиликтүү интернет колдонуучулар абдан эле какшыктуу жана шылдыңкөй болуп чыгышты.

Кыргызстандын президенти Түркияда президенттик шайлоолор өткөн күнү ал өлкөгө барган жалгыз өлкө башчысы болду окшойт.

Атамбаев Эрдогандын тарапташтарынын алдында түрк тилинде сөз сүйлөп, Кыргызстандан «ысык салам» айтуу менен Түркиянын жарандарын жаңы президенти менен куттуктады.

«Бул тандоодон кийин Түркиянын мындан ары өсүп, өнүгөөрүнө үмүттөнөм.  Азыр Түркия мурункудай эмес. Эсиңерге салып кетейин, 12 жыл мурун Түркия насыя таппай, карыз алып жүргөн чабал өлкө болчу», — деп билдирди Кыргызстандын президенти.

Атамбаевдин сөзүнүн калган бөлүгү Эрдоганды Түркиянын «башкы реформатору» катары мактоосуна арналды.

«Кымбаттуу бир туугандар, Аллах Түркияны сактасын. Аллах Түркияга биримдик менен туруктуулук берсин. Элдин тандоосун ар бирибиз колдошубуз керек. Бүгүн биз элдин тандоосун көрдүк. Мына, ушул элдин тандоосу. Эл өз башкаруучусун тандап алды. Ал башкаруучу Эрдоган», — деп билдирди Атамбаев.

Эгер Эрдогандын «Адилеттүүлүк жана өнүктүрүү партиясындагы» тарапташтары Атамбаевдин айткандарын колдошсо, консервативдүү премьер-министрдин оппоненттери тескерисинче, кыргыз президентинин сөзүн шылдыңга алышты.

«Твиттердеги» тамашалар

Атамбаев өзгөчө «Твиттерде» көп жемелөөлөргө кабылды.

«Глобал Войсес» басылмасынын баяндамачысы Жанна Араева дүйшөмбүгө караган түнү твиттер аркылуу Атамбаевдин дарегине айтылган сөздөрдүн эң тамашалууларын топтогон.

«Баары Евровидениеге окшоп баратат. Кыргызстан азыр эле бизге 12 упай берди», — деп жазган @FerdiCarrefour аттуу колдонуусу, андан соң төмөндөгүдөй деп кошумчалаган:

«Ал 10 мүнөткө чыгып, көп сүйлөгөн алыскы туугандан бетер ыгы жок эле мактоого алды».

Кимдир бирөө курчураак тамашалаган:

«Эрдоган кыргыз президентинин кошомат кылуусу үчүн анын чөнтөгүнө 200 лир салган. Иттин баласы!» — деп жазган @nekrofilzombi деген колдонуучу.

Ири маалымат каражаттарында да тамашалар болбой койгон жок. Си-эн-эн каналынын түрк версиясы өзүнүн твиттер-эккаунтунда Эрдоган «Бизге Кудай жардам берсин» деген сөздөрдөн кийин дароо Атамбаевди сахнага чакырганын белгилеген.

Атамбаев тууралуу твиттердин толук тандалмасын көрүү (англис тилинде)

Азырынча Атамбаевдин дарегине айтылган шылдыңдарга карата президенттин администрациясынын реакциясы белгисиз.

Карама-каршылыктуу саясатчы

Түркиянын жаңы шайланган президентинин фигурасы өтө карама-каршылыктуу бойдон калууда — ал өлкө калкынын консервативдүү көз караштагы бөлүгүнүн арасында чоң популярдуулукка ээ жана Эрдоган жекшембидеги шайлоодо дал ошол адамдардын колдоосу менен добуштардын 52 пайызын ала алды.

Эрдогандын тарапташтары өлкөнүн экономикалык жактан өнүгүп жаткандыгы үчүн аны мактап жатышса, каршылаштары аны сөз эркиндигин басмырлап, тынчтык демонстрациясын кууп тараткандыгы жана ири коррупциялардын орун алуу ыктымалдыктары үчүн катуу сынга алып келишет.

Эрдоган президент болуу менен чоң ыйгарым укуктарга жетишүүгө аракет кыла тургандыгын жашырбай эле — буга чейин Түркияда бул кызмат церемониалдуу кызмат болуп келген.