Видео: Швед үй-бүлөсү үйлөнүү тойдун 20 жылдыгын Кыргызстандын тоолорунда белгилөөдө

Швециялык үй-бүлө үйлөнүү тоюнун 20 жылдыгын Кыргызстандын тоолорунда майрамдоо чечимине келген. Алар дагы 101 конокту ала келишкен, алардын арасында Нью-Йорктон келген арт-дизайнер Матильда Каал дагы бар болуп чыкты — ал Кыргызстан жөнүндө өзгөчө видео тарткан.