ИИМ парламент депутатын криминалга байланышы бар деп айыптады

«Ар-Намыс» фракциясынын парламенттеги депутаты Бакытбек Жетигенов криминал чөйрөсүнө байланышы бар деп шектелгендердин тизмесине түштү — бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМдин)башчысы Абдылда Суранчиев билдирди.

Мындай айыптоо бүгүн министр Суранчиев тарабынан «Ата Мекен» фракциясынын жыйынында айтылды — ИИМ башчысы Жетигеновдун ысымын милиция тарабынан криминал менен байланышы бар деп шектелип жаткан жергиликтүү жана шаардык кеңештердин депутаттарынын ысымдары менен бирге атады.

ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге берген маегинде Жетигенов Азамат Бокошев менен байланышы бар болушу мүмкүн деп шектелип жаткандыгын билдирди. Милиция Бокошевди криминал төбөлү деп атап келет.

«Мында саясий эч нерсе жок. [...] Жетигенов Бокушевдин жакын досу болуп эсептелет, бирге окушкан. Башка маалымат бере албайм. Бизде уюшкан кылмыштуу топторго байланышы бар адамдар боюнча маалыматтар бар. Жок, биз андай маалыматтарды ачыкка чыгара албайбыз. Биз жөн гана аттарын атадык», — деди Осмонбаев.

ИИМдин өкүлү азырынча милиция Жетигеновдун криминал чөйрөсүнө тиешеси бардыгы боюнча далилдерди кандай жол менен чогулткандыгын жана укук коргоо органдары бул билдирүүдөн кийин кандай аракеттерди көрө тургандыгын ачыкка чыгарбастыгын кошумчалады.

«Бул маалыматтар жаңы гана пайда болгон жок, аты-жөндөрү бар болчу, жөн гана аларды ачыктаган эмеспиз. Мен аларды дароо эле жоопкерчиликке тартышат деп айта албайм, бирок алардын арасында кандайдыр бир кылмыштар боло турган болсо, анда алар кылмыш жоопкерчилигине тартылышат», — деди басма сөз кызматтын өкүлү.

Жетигеновдун өзү криминал чөйрөсүнө таасири бар экендиги тууралуу айтылган маалыматты четке кагууда — айтымында, анын Азамат Бокушев менен тааныш экендиги эч нерсе жөнүндө айтпайт.

«Мындайды кайдан чыгарып алгандыктарын билбейм. Менин кимдир бирөө менен бирге окуганымды айтып жатышат. Көп эле адамдар окуган да, эмне алардын баарын уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар дешибиз керекпи? Менин уюшкан кылмыштуу топторго эч кандай байланышым жок жана менде ИИМ менен да көйгөй болгон эмес», — деди депутат Kloop.kgге берген маегинде.

Ал азырынча ИИМдин башчысынын билдирүүсүнө кандай реакция жасаарын билбейт.

Бул боюнча комментарий алуу үчүн «Ар-Намыс» фракциясынын катчылыгы менен партия лидери Феликс Кулов жеткиликсиз болуп чыгышты.