Видео: «Хаммер» бакка сүзүлдү, милиция айдоочуну жарандыгына карап айыптоодо

Hummer H3 үлгүсүндөгү унаа Бишкектин Жаш Гвардия гүлбагы менен Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилишинен бакка сүзүлгөн. Кырсык болгон жерге барган милиция кызматкери унаанын ээси Өзбекстанда туулгандыктан аны «баңгизатын колдонгон» деп айыптады.

Унааны 20 жаштагы Алексей башкарып бара жаткан — анын мээси чайкалган, бул тууралуу Бишкектин жол милициясынан билдиришти.

Болжолдуу түрдө Дмитрий делинип жаткан «Хаммердин» ээси да кырсык болгон маалда унаанын ичинде болгон, бирок эч кандай жаракат алган эмес.

Кырсык болгон жерге барган милиция кызматкери айдоочу менен кошо аны да «баңгизат колдонуп алган» болушу мүмкүн деп айыпташкан.

Унаа ээси нааразы болуп: «Байке, мен эмне жинди бекенмин? Мен келесоого окшоп турамбы?», деп жооп берген.

Андан соң милиция кызматкерлеринин бири унаанын ээси менен айдоочусунун Өзбекстанда туулгандыгын аргумент катары пайдаланган.

«Өзбектер сайынып алганды жакшы көрүшөт деп айтып жүрүшөт го», — деп айткан милиционер Kloop.kgнин кабарчысынын көзүнчө.

Унаа ээсинин этникалык корей экендигин уккан соң милиция кызматкери: «Анда [Өзбекстанда] туугандарың бар да», деген.

Дмитрий анын улуту менен жарандыгына байланышкан милиционердин айткандарына көңүл бурган эмес.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан Kloop.kgге азырынча алар окуя боюнча эч нерсе билбей тургандыктарын жана кызматкеринин айткандары, ошондой эле кырсыктын болжолдуу себептери боюнча түшүндүрмө берүү үчүн бир аздан соң телефон чала тургандыктарын убадалашты