Видео: Жаңы мектеп формасын сатуунун алгачкы күнүндөгү ажиотаж

2015-2016-окуу жылынан тарта милдеттүү боло турган жаңы мектеп формасын сатып алуу үчүн бүгүн эртең менен «Алкан» базарында узун кезек күтүүлөр болду.

Жыл сайын өтүүчү Made in KG жарманкесинин алкагында 21-августтан тарта мектеп формасынын алгачкы үлгүлөрү «Алкан» базарындагы үч соода жайында сатыла баштады. Бул форма 2015-2016окуу жылынан тарта милдеттүү болуп калат.

Жарманкенин катышуучулары мектеп формасына болгон алгачкы баалар менен таанышышты:

  • башталгыч класстар үчүн — 1400 сомдон 1500 сомго чейин;
  • орто класстар үчүн — 1650 сомдон 1750 сомго чейин;
  • чоң класстар үчүн — 1850 сомдон 1950 сомго чейин.

Азырынча соода жайларында башталгыч класстар үчүн кыздардын гана формасын сатып жатышты. Kloop.kg тарабынан сурамжыланган башталгыч класстардын окуучулары форманы жактыргандыктарын айтышты.

Буга чейин Билим берүү министрлигинин жетектөөчү адиси Салтанат Мамбетова Kloop.kgге берген маегинде мектеп формасы окуучулардын арасындагы «социалдык теңсиздикти» жоюу үчүн киргизилип жатканын айткан.

«Бүгүнкү күндө балдар мектепке окуу үчүн эмес, а өзүнүн саркеч кийимдерин көрсөтүү үчүн келип калышты. Алардын көпчүлүк массадан айырмаланып туруулары үчүн ата-энелери күн сайын жаңы кийим сатып берүүгө аргасыз», — деп билдирген ал.

Мектеп формасынын киргизилиши аларга болгон бааларды өтө эле кымбат деп эсептеген кыргызстандыктарын бир бөлүгүнүн каршылыгын жаратты.

«Бул долбоордун ишке ашпай калышына үмүт артам. Мен — биринчи класска бара турган кыздын апасы — бул формага толугу менен каршымын. Мен оюмда мектепке бара турган кызыма кандай кийим жана канча сомго сатып алаарымды эсептеп койгом. Аларда дене тарбия да болот да», — деп жазган «Дизель» интернет-формунун Modesta аттуу колдонуучусу.

«Андан сырткары кийимдерди тез-тез жууп туруш керек эмеспи, демек, бир гана комлекти сатып алуу жетишсиз. Түрдүү кокустуктар үчүн дайыма колуңда дагы бир комплектинин бар болушу үчүн дагы бирөөнү сатып алуу керек. Аны эсептегенде 4000 сом болуп кетип атат. Жок, андан көрөк мен кайсыл кийимдин ыңгайлуу, жеткиликтүү жана аба-ырайына туура келээрин өзүм эле тандап алам», — деп уланткан ал.