«Азаттык»: Электр кубатысыз курулуш куурайт...

Энергетика жана өнөр жай министрлиги электр энергиясына тарифти көтөрдү. Бирок ишкерлер тарифтин көтөрүлүшүнөн мурда электр энергиясын чектөөгө көбүрөөк тынчсызданууда.

Макаланын түп нускасы «Азаттык» радиосунун сайтына чыккан. Автору — Айданбек Акмат уулу.

Курулуш тармагынын өкүлдөрү электр энергиясына чектөө киргизүүнү   тармактын трагедиясы катары кабыл алууда.

Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маалымдоосуна караганда, 1-сентябрдан тарта электр энергиясына тарифтер өзгөрөт. Жалпы калкка тариф мурдагыдай эле 70 тыйындан калып, бирок үч фазага 1 сом 20 тыйынга көтөрүлөт. Бюджеттик, өнөр жай, айыл чарбасындагы жана башка керектөөчүлөргө 1 киловатт электр энергиясы 1 сом 38 тыйындан сатылат. Белгилүү болгондой Жогорку Кеңеш тариф саясатын аныктоону өкмөттүн колуна өткөрүп берген. Өкмөт ошол укугунан пайдаланып, тарифти көтөрдү.

Бирок Кыргызстан калкын, анын ичинде ишкерлерди электр энергиясына киргизиле турган чектөөлөр көбүрөөк тынчсыздандырууда.

​Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев калкка кайрылуусунда: жылытуу үчүн 3 фазаны колдонууга, электр энергиясы менен көңүл ачуу мекемелерин, сауна, автожуугучтарды жылытууга, темир эритүүгө чектөө кирерин билдирген. Андан сырткары жылытуу мезгилинде курулуш объекттерине электр энергиясын берүү кескин чектелет деген.

Кыргызстан курулушчулар бирикмесинин төрагасы, “Бишкек курулуш” компаниясынын жетекчиси Аскарбек Молдобаев курулуш тармагына электр энергиясын берүүнү токтотуу тармак үчүн трагедия катары кабыл алынып жатканын билдирди:

- Курулушту жалпысынан өчүрөбүз деп жатышат. Ноябрь, декабрь, январь, февраль, март беш ай. Бул айларда баарын кетиребиз да.  Курулуш токтосо, Канттагы цемент заводдун иши токтошу керек. Цементти кайда алып барат? Кыш, бетон заводдор токтойт. Бул деген чынжыр реакциясы да. Бишкекте эле 15-20 миң жумушчу көчөдө калат. Алар эле эмес башкалар да. Трагедия болот.

Аскарбек Молдобаев өкмөт энергетиктер менен курулуш тармагына күндүзгү мезгилде ченеп-өлчөп электр энергиясын берүүнү чечсе туура болот эле деген оюн кошумчалады.

Кыргызстан ишкерлер кеңешинин төрагасы Чыңгыз Макешов электр энергиясын чектөөдөн ишкерлер, мамлекет да зыян тартарын белгилейт:

- Бул экономикага абдан таасирин тийгизет.  Электр энергиясынын бир киловатт сааты өндүрүштө 1 сом болсо, ошол бир сомду жумшай албасаң 100 сом пайда көрбөй каласың. Ошентип, 1 сом 50 тыйынды үнөмдөйбүз деп, 100 сомдон кол жууп жатабыз.

Өкмөт болсо электр энергиясын чектөөлөр экономикага терс таасирин тийгизерин моюндап, бирок ал аргасыз кадам экенин белгилөөдө.

Экономика минстрлигинин Макроэкономикалык башкармалыгынын башчысы Насирдин Шамшиев курулуш тармагы эле эмес, орто жана чакан шаарлардагы көп кабаттуу үйлөрдү жылытуу да абдан оор көйгөй болуп турганын кошумчалады. Анын айтымында, бул үйлөр көбүнесе электр  энергиясы менен жылытууга өтүп алышкан. Ошондуктан оор абал түзүлүүдө.

"Ал эми курулуш тармагына электр энергиясынын берилбей калышы башка тармактарга терс таасирин тийгизүүсү менен зыяндуу",- дейт Шамшиев:

- Бул кызмат көрсөтүү, жүк ташуу тармагына таасирин тийгизет. Себеби, ошол эле курулушта жүк ташуу болуп жатпайбы. Ошол эле цемент, кум, курулуш материалдарын ташып жатышат да.

Шамшиевдин айтымында, мамлекеттик ири долбоорлор боюнча жүрүп жаткан Датка-Кемин электр зымын тартуу, ГЭСтердин жана жолдун курулушу улана берет. Ал эми курулуш тармагындагы көбүнчө үй курган менчик компаниялар жабыркай турган болууда. "Бирок курулуш тармагынын көлөмү жалпы ИДПнын ичинде 6% эле болгондуктан, ички дүң продукциянын көлөмүнө олуттуу таасир этпейт" деп белгиледи Шамшиев.

Буга чейин өкмөт Бишкектеги үй курулуштарын мисал келтирип, бирден-бир өнүгүп келаткан тармак катары курулушту көрсөтүп жаткан. Мына ошол тармак электр энергиясынын жетишпестигинен кыш келери менен "тоңуп" калары күтүлүүдө.