Видео: «Курманжан датка» тасмасынын расмий саундтреги

«Курманжан датка» тасмасынын жаратуучулары белгилүү ырчы Каныкейдин аткаруусундагы тасманын расмий саундтрегин жарыялашты.

«Курманжандын каты» деген ырдын сөзү белгилүү кыргыз акыны Элмирбек Иманалиевге, ал эми обону Каныкейдин өзүнө таандык. Клиптин режиссеру — Акжол Бекболотов.

Тема боюнча: Дүйнөлүк басылмалар «Курманжан датка» тууралуу: «Патриотизмди көтөрүү» жана «көз карандысыздык үчүн күрөш»

«Курманжан датка» — мамлекеттин буйрутмасы менен тартылган Кыргызстандагы биринчи толук метраждуу тасма. Аны тартуу иштери 2012-жылы башталып, 2014-жылдын май айында аяктаган. Тасманын премьерасы 31-августка белгиленген.

Тасмада дээрлик 100 жылдык окуя — Алай ханышасынын бала чагынан тарта 96 жашына чейинки мезгил камтылган — анын ролун төрт актриса аткарат.Тасма өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында — Ош, Талас, Ысык-Көл облустарында жана Бишкекте тартылган.