Кытай спутнигинен тартылган Жердин жогорку сапаттагы фотосүрөттөрү

Кытай улуттук космос башкармалыгы Кытайдын планета орбитасындагы алгачкы Gaofen-1 спутнигинен тартылган жогорку сапаттагы 10 фотосүрөттү жарыялады.

Gaofen-1 2013-жылдын 26-апрелинде учурулган — ал Кытайдын Жер орбитасындагы алгачкы спутниги болуп эсептелет. Экинчи спутник — Gaofen-2 — августтун ортосунда учурулган.

Бул тартылган фотосүрөттөр — Кытай спутнигинин бир жылдык Жер бетин байкоо иштеринин алгачкы жыйынтыгы.

«Рейтерс» жаңылыктар агенттигинин маалыматы боюнча, кытай бийлиги Gaofen-1 спутнигин чек арадагы мыйзамсыз жолдорду жана марихуана эгилген талааларды аныктоого да пайдаланат.

Андан сырткары спутник жаратылыш катаклизмдеринин пайда болуу ыктымалдыктарына көз салып турууга жардам берет.

The Verge жаңылыктар порталы билдиргендей, жарыяланган сүрөттөрдөгү объектилер жалган түстөрдө көрсөтүлгөн, бирок алардын тибин төмөнкү түстөр аркылуу айырмалоого болот: кызыл — өсүмдүктөр, көк — суу, боз — жер.

Сүрөттүн жогорку бөлүгүндөгү айдоо жерлер жашыл түс менен белгиленген, бул алардын чыныгы түсү эмес. Ал эми кызыл менен белгиленген тоолордун үстүнкү бети өсүмдүктөр менен капталган, алардын чыныгы түсү — жашыл.

Кытайдын батышындагы чөл. Көк жана кызыл түстөр менен жасалма көлмөлөр белгиленген. Сүрөттө адамдын кулагын элестеткен нерсе чектерин шамал жеп кеткен кургап калган көл.

Дагы бир нече кургап калган көлдөр. Сүрөттү туурасынан кесип өткөн сызык — автомобиль жолу.

Цинхай көлүнүн жээктери.
Цинхай көлүнүн жээктери. 
Гоби чөлү. Чөлдүн үстүнкү бети медузанын формасына окшоп калган.

Тоолорду кургак дарыя өзөндөрү бөлүп турат. Кызыл жана күрөң түстөр өсүмдүктөрдүн түрдүү түрлөрүн көрсөтүп турат.

Бөксө тоолор сүрөттө көптөгөн бөлүктөргө бөлүнгөн, анткени алардын үстүнкү бетиндеги жер кыртышы бузулган. Узун зигзаг сымаал дарыянын агымы менен бөксө тоо эки бөлүккө бөлүнгөн.

Бул сүрөттө тоолор менен чөлдөгү кичинекей көлмөлөр көрсөтүлгөн.

Деңиз жээктери менен өзөндүн куйган жерлериндеги айдоо жерлер.

Чанчжи шаарына жакын жердеги чубама тоолор. Сүрөттүн сол тарабында кызгылт түс менен айдоо жерлер белгиленген. Оң жагында ак түс менен белгиленип тоолуу чокулар көрсөтүлгөн, а кызыл менен тоо мейкиндигиндеги өсүмдүктөр белгиленген.