«Газпромдун» башчысы Кыргызстанды «ишенимдүү газ менен камсыз кылаарын» убадалады

Кыргызстандын бийлиги менен болгон сүйлөшүүлөрдө өлкөнүн түштүгүн газ менен камсыз кылуу маселесине өзгөчө көңүл бурулду, деп билдирди «Газпромдун» басма сөз кызматы. Жолугушуулар республиканын түштүгүндө уланып жаткан газ каатчылыгын фонунда өттү.

27-августта «Газпромдун» башчысы Алексей Миллер өлкөнү газ менен камсыз кылуу боюнча Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жана премьер-министри Жоомарт Оторбаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Анын жүрүшүндө «Газпром» Кыргызстандын «үзгүлтүксүз газ менен камсыз боло тургандыгын» убадалады. Компаниянын басма сөз кызматы билдиргендей, анда өлкөнүн түштүк аймактарына «өзгөчө көңүл» бурулган.

«Тараптар «Газпром Кыргызстан» ишканасынын өлкөнүн аймагындагы газ жеткирүү кубаттуулуктарды модернизациялоо жана масштабдуу өнүктүрүү боюнча пландарын талкуулашты. [...] «Газпромдун» «Көкарт» жана «Чыгыш Майлы-Суу IV» аймактарында геологиялык чалгындоо иштерин өткөрүү, ошондой эле Кыргызстандын нефтепродукт рыногундагы дүңүнөн жана чекене сатуулардын өнүгүүсүнө катышуу пландары каралды», — деп билдиришти компаниянын басма сөз кызматынан.unnamed-1Ошондой эле Миллер Кыргызстандын күзгү-кышкы мезгилге даярдануусу боюнча премьер Оторбаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бирок компания бул жолугушуу тууралуу кенен маалымат берген жок.

Ал жолугушуу тууралуу түшүндүрмө алуу үчүн өкмөттүн басма сөз кызматы жеткиликсиз болууда.

Түштүктөгү газ каатчылыгы

Жолугушуу Кыргызстандын түшүгүндөгү газ каатчылыгынын фонунда орун алууда. Өзбекстан өлкөнүн түштүгүнө газ берүүсүн 2014-жылдын апрелинде токтоткон.

«Газпром» өлкөдө көгүлтүр отунду бөлүштүрүү жана ташып жеткирүүгө жооп берген мамлекеттик «Кыргызгаз» ишканасын сатып алгандан кийин Өзбекстан газ жеткирүү боюнча келишимди узартуудан баш тарткан.

Түштүктөгү газ каатчылыгы жарандык активисттер менен өлкөнүн ал бөлүгүндө жашаган адамдардын бир нече жолку нааразычылыктарын жараткан. Июндун башында Ошто көгүлтүр отундун жоктугуна нааразы болгон активисттер «Тезекпром» акциясын өткөрүшкөн.

Анда алар парламент депутаттарын эшикке чыгып, бир каптан тезек алууга чакырышкан. Бирок акция 20 мүнөткө да созулган эмес, милиция аларды кармап баштаган.

Видео: Активисттердин парламент имаратынын алдында кармалышы

Учурда өлкөнүн түштүгүндөгү 60 миңге чукул абонент газы жок бойдон калууда.

Оштун жергиликтүү бийлиги июлдун аягында газ каатчылыгынын фонунда шаарда электр энергиясы маал-маалы менен өчүрүлүшү ыктымалдыгын билдирген болчу.