Видео: Эгемендүүлүк күнүнө даярдануудан улам пайда болгон Бишкектин борборундагы унаа тыгындары

Эгемендүүлүк күнүнө карата даярдануулардан улам Ала-Тоо аянтынын тосулушу шаар борборунда унаа тыгындарын жаратууда. Абалды жол чырактардын иштебегендиги жана унаалардын туура эмес, тыюу салынган жерлерге токтотулушу күчөтүүдө.

Өлкөдө 31-августта белгилене турган Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө даярдануудан улам акыркы күндөрү Бишкектин борборундагы унаа кыймылы оорлоду.

Kloop.kgнин кабарчысы 28-август күнкү унаа тыгындарынын чок ортосунда эмне болуп жаткандыгын тартып алган.

Унаа сүйүүчүлөр Чүй проспектиси менен Киев көчөсүнүн Манас проспектисинен тарта Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө чоң кыйынчылыктарга кабылышты.

Ошондой эле унаа тыгыны Исанов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде да болду — айдоочулар жолдун тосулган бөлүгүн айланып өтүүгө аракет кылышып унаа тыгынына дуушар болушкан.

Абалды Эркиндик гүлбагы менен Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол чырагынын иштебей турушу жана жол жээктеринде унаалардын туура эмес токтотулушу да курчутту.

Бишкек ЖККсынын басма сөз кызматы азырынча бул боюнча түшүндүрмө берүүгө жеткиликсиз болууда.