Эгемендүүлүк күнү Бажы биримдигинин каршылаштары кармалышты

Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү милиция тарабынан Бажы биримдигинин кызыл түстөгү тасмаларды таратып жаткан каршылаштары кармалышкан. Азыр активисттер эркиндикте.

Активисттер 31-август күнү кечинде Бишкектеги Ала-Тоо аянтында кармалышкан — айтымдарында, алар Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн символу болгон кызыл тасмаларды таратуу боюнча акция өткөрүү үчүн чогулушкан.

Алар акцияларын баштоого үлгүрүшкөн эмес, дароо эле алардын жанына милиция кызматкерлери келишип, алгач баштыкта эмне бар экендигин көрсөтүүлөрүн өтүнүшүп, андан соң активисттерди кармап кетишкен.

«Кыргызстан Бажы биримдигине каршы» тобунун катышуучусу Марат Мусуралиев милиция алардын акциясы тууралуу алдын ала билген деп эсептейт — бул тууралуу ал Kloop.kgге берген маегинде билдирди.

«Мени эки жагыман кармап автобуска алып барышты. Анан бизди Свердлов райондук милиция бөлүмүнө жеткиришип, ал жакта үч саат кармап турушту», — деди ал.

Анын айтымында, милиция катышуучулардын бардыгы тууралуу маалыматтарды жазып алып, алардын акция өткөрүүгө акчаны кайсыл жактан алгандыктарына кызыгышкан.

Азыр активисттер бошотулду — аларга каршы эч кандай санкциялар колдонулган эмес, колдорундагы тасмаларды гана конфискациялашкан.

«Фэйсбук» социалдык түйүнүндөгү «Кыргызстан Бажы биримдигине каршы» тобунун маалыматына ылайык, акция Бажы биримдигине каршы багытталган эмес, а Кыргызстандын көз карандысыздыгы үчүн уюштурулган.

«Бул жолкусунда биз абдан таң калып жатабыз, Кыргызстандын символикасы болгон кызыл тасмаларды таратуу менен биз кимге коркунуч туудурмак элек. Мында кандай кылмыштуулук бар? Бул Бажы биримдигине каршы эмес», — деп жазылган билдирүүдө.

Бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн Бишкек милициясынын өкүлдөрү жеткиликсиз болуп жатышат.

«Альтернатива жок»

Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча сүйлөшүүлөр 2011-жылы башталган, бирок ал идея өлкөдө ар түрдүү пикирлерди жаратып келет.

Бажы биримдигине кирүү идеясын колдогондор Кыргызстандын ишкерлери үчүн Казакстан, Орусия сыяктуу ири сатуу рыноктору ачылат деп эсептешүүдө.

Ал эми идеяга каршы болуп жаткандар Кытайдан алынып келинген товарларды КМШ өлкөлөрүнө кайра экспорттоо менен Кыргызстандын экономикасына кыйла эле салым кошуп келген ишкерлердин банкрот болушу ыктымалдыгынан чочулап жатышат.

Президент Алмазбек Атамбаев Эгемендүүлүк күнүндө сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстан үчүн Бажы биримдигин толук алмаштыра турган альтернативанын жок экенин билдирген.

Видео: Атамбаевдин сөзү:

«Мунун өтө туура жана такталган чечим экендигине, ошондой эле ага толук жарамдуу альтернативанын жоктугуна терең ишенем. Өлкө же изоляцияда калат, же социалдык-экономикалык өнүгүүгө күчтүү түрткү алат», — деп билдирген президент.

Атамбаев өз сөзүндө Орусия менен анын президенти Владимир Путиндин Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүндөгү ролуна өзгөчө көңүл бурган.

«Орусия Федерациясы Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү биздин эл үчүн болушунча жеңил өтүшү үчүн аз эмес суммадагы акча бөлүүдө. Ал суммалар миллиарддаган долларларды түзөт», — деп билдирди президент.

Анын айтымында, Кыргызстан биримдикке 2015-жылга чейин кирүүгө ниет кылууда.

Бул Кыргызстандагы Бажы биримдигинин каршылаштарынын биринчи жолу кармалышы эмес.

Акция катышуучуларын биримдикке кирүүнүн пайдалары жана зыяндары боюнча парламенттик угуу кызуу жүрүп жаткан маалда, 2014-жылдын май айында да кармашкан. Анда акция катышуучуларын «милицияга баш ийишкен жок» деп айыпташкан.

Андан сырткары милиция биримдиктин каршылаштарын бир нече жолу маектешүүгө да чакырган — укук коргоо органдары активисттердин бирине «саясаттан эс алуу» кеңешин беришкен.