XIX кылымдын кыргыздары британиялык саякатчынын түшүргөн сүрөттөрүндө

Жазуучу Томас Уитлам Аткинсон Борбордук Азия аймагында XIX кылымдын ортосунда саякаттаган. Өз сапарынын жүрүшүндө ал жаратылышты, жергиликтүү жашоочуларды жана алардын турмуш-тиричилигин сүрөткө түшүргөн.

Сүрөткө түшүрүлгөн көрүнүштөр 12 млн. сүрөт, элестер жана графикалык көрүнүштөрдөн турган архивден алынган — маалымат базасы ушул жылдын июль айында америкалык American Academic журналы тарабынан түзүлгөн.

Архив толугу менен санариптик сүрөттөрдү сактоочу Flickr сервисинде жайгаштырылган — андагы сүрөттөр менен көрүнүштөр адамзаттын акыркы 500 жылдык тарыхын сүрөттөп көрсөтөт.

Томас Уитлам Аткинсон Борбордук Азия, Чыгыш Европа жана Орусиянын аймагында XIX кылымдын ортосунда саякаттаган.

Өз сапарын ал «Чыгыш жана Батыш Сибирь» деген аталыштагы Монголия, кыргыз талаалары, Кытай, Сибирь жана Борбордук Азиянын кээ бир аймактарындагы жети жылдык изилдөө иштери жана андагы укмуштуудай окуялар тууралуу повестти камтыган китебинде сүрөттөп жазган;.

Ошол эле китепте анын XIX кылымдын 50-жылдарындагы кыргыздар жөнүндөгү түшүргөн сүрөттөрү жайгаштырылган.

Түшүрүлгөн сүрөттөрдө Аткинсондун китептериндеги үзүндүлөр жазылган:14578500780_074b40c7c3_o

«Биз аймактагы эң чоң жана москоол кыргыз Султанбектин айылын издеп, аттардын башын батышты көздөй бурдук. Ал он миң жылкы, төө, ири мүйүздүү мал, койлорго ээлик кылат».

«Биз анын айылын өтө кеч таптык. Анын тынчын алып, катуу чочутуп жибердик өңдөнөт, анын ачуусу келип кетти. Мүмкүн ал ошондуктан да бизге катуу ооруп жаткан койду берип жиберген чыгаар. Бирок биз анчалык көп тамак жебей тургандыгыбызды айтып, койду дароо эле кайтарып бердик. Андан сырткары биз андан эч нерсе талап кылбай турганыбызды айтып коюуларын өтүндүк».14762834384_10a7568a3a_o

«[...] Биз сыяктуу эле минген аттарыбыз да чарчаган. Кийизден жасалган боз үйлөргө жеткенибизде абдан сүйүндүк. Биз менен бирге жүргөн Магомед менен казак биздин коопсуздугубуз үчүн кыйла эле тынчсызданып жатышты».

«Биз которунуп, кургак көйнөктөрүбүздү кийип, анын сыртынан тондорубузду кийгенче боз үй бир нече мүнөттүн ичинде эле ээлери тарабынан жыйналды. Мен кургак өтүк кийип алган соң чай ичүүгө дасторконго отурдум. Бирок ага чейин мен жолоочу жолдошторумдун ар бирине бир стакандан рома куюп бердим».10516

«[...] Бул талкаланган жалгыз аяк жол аркылуу кыргыз аттарынан башка эч ким жогору да, төмөн да өтө алмак эмес. Биз жогору карай өтө жай чыгып бараттык, акыры эптеп-септеп эч кандай кырсыксыз чокуга жеттик. Мен аттардын туяктары таштардын ортосуна тыгылып калабы деп кооптонуп жаткам».14578498160_0061543dd0_o

«[...] Султанбекти коштой колдоруна курал алган анын үч мергенчи-жансакчысы жүрдү, а биздин айланабызда ачык түстөгү кийимдерди кийген дагы жыйырма кыргыз баратты. Алардын жарымынан көбү айбалталар менен куралданышкан. Биз адамдардын көбү алысыраак болгусу келген жапайы адамдардын тобундай көрүнүштө элек».14762015441_aeabcca284_o

«Мында дарыя өтө тик аскалардын этегин бойлой кеткен терең канал аркылуу кетет. Кээ бир бөлүктөрүндө аскалар суунун деңгээлинен кыйла эле бийик көтөрүлүп, тик болгондуктан аларга чыгуу таптакыр мүмкүн эмес. Биздин жолдо дарыянын эки тарабына тең чыгууга болбой тургандай жерлери көп кездешти, а аскалардын ортосундагы суунун агымы уламдан-улам тездеп жатты».14785054503_b99aff7a2c_o

«Түштөнүүнүн алдында аттарыбызды алмаштырганча Иртыштын Кытай тарабына бурулуп, андагы көрүнүштү сүрөткө түшүрдүм. Колдоруна кымыздын көөкөрлөрүн кармаган кыргыздардын тобу. Укмуштуудай көрүнүш. Сүрөттү тартып бүткөн соң биз жүктөрүбүздү артып алып, эки кыргыздын коштоосунда жолубузду уладык».14762835014_db5f8bdbd6_o

«Биз талаа аркылуу тез жүрүп, бир жарым сааттан кийин Монастр тоолорунун укмуштуудай сонун көрүнүшү ачылган жерге келдик. Мен аны да сүрөткө түшүрүп алдым, андан соң биз Магомеддин айылын издеп жолубузду андан ары уладык».