Видео: Орусия телеканалынын кыргыз танкисттери тууралуу сюжети

Кыргыз танкисттери «2014-жылкы танка биатлону» жөнүндөгү орусиялык телеканалдын сюжетинин башкы каармандары болушту.

«Россия» телеканалы түрдүү өлкөлөрдүн танка экипаждарынын ортосундагы  мелдештер тууралуу көрсөтүүлөрдүн сериясын чыгарган. Анын интернетке жарыяланган акыркы чыгарылыштарынын биринде Белорусь, Венесуэлла жана Индия командалары менен жарышка түшкөн Кыргызстандын командасынын катышуусу көрсөтүлгөн.

Танка биатлону боюнча чемпионат 2014-жылдын августунда, Орусиянын Алабино согуш аянтчасында өтүп, ага 12ден ашык өлкөнүн танка экипаждары катышышкан.

Биринчи орунга Орусиянын командасы, экинчини — Армениядан барган танкисттер, а үчүнчү орунду — Кытайдын командасы ээ болушкан. Кыргызстандан барган команда жетинчи орунду алган.

Мелдештер катышуучулар бири-биринен белгилүү бир аралыктагы алыстыкта туруп старт алган жарышууну элестетет.  4 чакырым узундуктагы маршрутта бир эле маалда төрт гана команданын танкалары жүрө алышат.

Ар бир экипаж үч жолу айланып, анын жүрүшүндө үч түрдүү снаряддар менен бутага таамай тийүүлөрү керек.  Катышуучулар ар бир жаза атуулары үчүн айып убактылары менен жазаланышат.