Саламаттык сактоо министри Сагынбаева кызматынан кетти

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы мекеме башчысы Динара Сагынбаева өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазгандыгын ырастады. Бул бир апта ичинде министрлер кабинетиндеги үчүнчү кадр алмашуу.

Сагынбаева кызматынан 24-сентябрда кетти — азырынча анын себептери айтылбай эле. Болгону кызматтан кетүү тууралуу арызын «өз каалоосу менен» жазгандыгы гана белгилүү.

Саламаттык сактоо министринин отставкага кетиши — бир апта ичинде министрлер кабинетиндеги үчүнчү кадр алмашуу болуп калды. Буга чейин кызматтарынан Ички иштер жана Маданият министрликтеринин башчылары кетишкен.

Сагынбаева Саламаттык сактоо министрлигин 2011-жылдан бери башкарып келген. Саламаттык сактоо системасында жалпысынан 30 жылдан ашык эмгектенген.

Социал-демократтар партиясынын депутаты Ирина Карамушкинанын пикиринде, Сагынбаеваны кызматынан кетүүгө аргасыз кылган болуулары мүмкүн.

Парламентарий «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-басылмасына берген маегинде Сагынбаеванын кызматтан кетүүсүнүн башкы себеби анын принципиалдуулугу болгондугун билдирген — анын айтымында, министр депутаттардын «туугандарын жакшы кызматка орноштуруу» өтүнүчтөрүн аткаруудан баш тартып келген.

«Аны милдеттерин жакшы аткарып жаткандыгына карабастан кетүүгө аргасыз кылышты. Буга чейин бир дагы министр саламаттык сактоо тармагындагы корруциялык схемаларды мынчалык жок кыла алган эмес. Бул Сагынбаеванын колунан келди, ошондуктан кээ бир депутаттар анын дарегине сын-пикирлерди айтышкан. Ал өз чөнтөгү үчүн эмес, а таза жана ак ниеттүүлүк менен иштеп жаткан аз министрлердин бири. Ал паракор эмес, анын кызматтан кетишинин себеби ушунда», — деген Карамушкина.